ИИМ: «Интернетте баланы кантип коргош керек?»

ИИМ: «Интернетте баланы кантип коргош керек?»

Интернетте баланы кантип коргоо керектиги тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда, таратты. Ал толугу менен төмөндө:

— Ата-энелер үчүн негизги эрежелердин бири — балдары менен ишенимдүү мамиле түзүү. Эмне менен алектенет, ким менен достошуп жүрөт, бош убактысын кантип өткөрөт, виртуалдык жашоодон аны кантип коопсуз кармаш керек экендигин билүүлөрү абзел.

XXI кылымда интернет коопсуздугу бардык ата-энелерди ойлондуруп келет жана интернеттен учурда эч кимди алыс кармоого болбойт. Интернеттен бир нече секунддун ичинде көптөгөн маалыматтарды алып,
достор менен сүйлөшүүгө, компьютердик оюндарды ойноого, окууга жана сатып алууларга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бирок, тескери жактарын дагы эске албай коюга болбойт. Мисалы киберкоркунучу, интернет-таанышуу, кибербуллинг, интернет жана оюн көз карандылыгы, зыяндуу вирустар менен программалар.
Баланы туура ойлонуп, туура кадамдарды жасоого үйрөткүлө. Ал жеке маалыматтарды, даректерди, социалдык тармактардын сыр белгилерин эч кимге бербөөнү түшүндүргүлө. Интернетти пайдаланган адам өзүн башка колдонуучу катары тааныштырышы мүмкүн экендигин эскерткиле!

Туура ойлонуу-интернетте балдар коопсуздугунун башкы эрежелеринин бири: Интернетте коопсуздук эрежелерин пайдалангыла (ата-энелердин көзөмөл инструменти, коопсуз издөө жана башка белгилер). Шектүү сайттарды блоктогон ар кандай программалар бар. Алар балдардын интернеттеги аракеттерин жана коопсуздугун көзөмөлдөөгө, интернетте болууда убакыттарын чектөөгө жардам берет.

Ишенимдүү антивирус программалын көчүрүп бергиле. Ал күмөндүү программаларды блоктоп, аларды этиятсыздыктан көчүрүп алууларын алдын алат. Буларды персоналдык маалыматтарды алуу үчүн хакерлер көбүнчө колдонот. Андан сырткары антивирус ишенимсиз шилтемелергө өткөндүгү жөнүндө эскертип, алдамчылардын торуна түшүп калбоого мүмкүндүк берет; Тармактарда жүрүүлөрүнүн убакыттарын чектегиле. Колдонуучу компьютерде отурганда көздөрдүн чыңалуусуна, бүкүрөйүүгө, омурткалардын иштешинин бузулушуна алып келерин дагы эске алышыбыз керек. Баланын физикалык өнүгүп-калыптанышы жөнүндө эч качан унутпаңыздар, ал — таза абада ойноо, спорт менен алектенүү.

Социалдык тармакты пайдаланууда коркунучтарды дагы эске алгыла. Балдарга “кибербуллинг” түшүнүгү жана андан кантип коргонуу жөнүндө айтып бергиле. Агрессорлор менен күрөшүүнүн жакшы жолу-ага көңүл бурбай коюу. Балдарга аларды кара тизмеге киргизүүнү үйрөткүлө. Эгерде бул кадамдарга мектеп окуучулары дагы катышып жатса, анда мугалимге же мектептеги психологго маалымдаңыз. Эгер бул коркутуулар менен коштолуп жатса, бардык далилдерди (Скриншот, сүрөт) топтоп, укук коргоо
органдарына кайрылыңыздар.

Жаңы онлайн таанышуу жөнүндө балдар сиздерге айтып берүүсүн үйрөткүлө. Виртуалдык таанышуунун негизинде алар менен бетме-бет жолугууга макул болбоо керектигин айткыла. Эгер жолугуу боло турган болсо, коомдук жайларда уюштурсун жана балдарыңыздар сиздерди коштооңуздарда болгону жакшы; Балдарды жыныстык жактан тарбиялоого көңүл бургула. Бул тема коомдо туура эмес кабыл алынгандыктан, бир чети балаңыз менен сүйлөшүү оор болот. Бирок жаңы жете элек балаңыз туура жана так маалыматты ар кандай күмөндүү сайттардан жана социалдык тармактардан алгандан көрө сизден укканы жакшы. Бул багытта жашы китептерди сатып берсеңиздер болот.

Интернетте балдардын коопсуздугун камсыздоо — бул маанилүү, бирок сиз аларды ар дайым жаман нерселерден коргой алууга мүмкүн болбой калган учурлар болот. Эртеби-кечпи балдар тоскоолдуктарга туш болот. Бул учурда сиздер балаңыз тарабында болуп, жардам беришиңиз керек. Бала дагы бул жөнүндө билип, сизге ишеним артканы оң. Коопсуздук жөнүндө сөз болуп жатканда ага ата-эненин катышуусун эч нерсе алмаштыра албайт. Муну бардыгыбыз эске алышыбыз керек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.