Кайрат ИМАНАЛИЕВ: «Жамал эже, элге жактыӊыз, эми жерге жагыӊыз»

Кайрат ИМАНАЛИЕВ: «Жамал эже, элге жактыӊыз, эми жерге жагыӊыз»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылып, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңеш вице-спикери Аида Касымалиева, президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, экс-депутат Садык Шер, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев, Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана башка чыгармачыл адамдар, жердештери, шакирттери катышып, «Сахна Каныкейи» Жамал Сейдакматованын эмгегин эскеришти…

Бексултан ЖАКИЕВ: «Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат»

Жердеши Бексултан Жакиев: «Жамал Сейдакматова кыргыз театры, кыргыз драмасы, кыргыз киносу дүркүрөп өскөн жашоодо жашады. Ошол дүркүрөп өсүшүнө салым кошту, ошон үчүн бактылуу жашады. Жамалдай таланттуу уул-кыздар кыргыз эли жашап турганда дагы жаралат, бирок, Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат«, — деди.

Султан РАЕВ: «Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева эжелерибиздин чоң театрына кетип баратасыз»

Коштошуу зыйнатына атайын Түркиядан учуп келген Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев: «Ар бир чыгармачыл инсан кайталангыс. Жамал эже, Сиз Муратбек Рыскулов баштаган аксакалдарыбыздын, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева эжелерибиздин чоң театрына кетип баратасыз. Сиздин өмүрүңүз театр, сиздин эстелигиңиз театр. Кош болуңуз«,-деди.

Садык ШЕР: «Жамал эже кыргызга бакыт арнады...»

Шакирттеринин бири Садык Шер: «Жамал эже кыргызга бакыт арнады, ошон үчүн баскан жолу улук, улуу, бизге үлгү. Менин устатым. Мага окшогон канча деген шакирттерин өстүрүп чыгарды. Өрнөгү миӊ жылдап, жаркын элеси өмүр бою эсибизде калат«, — деди.

Кайрат ИМАНАЛИЕВ: «Жамал эже, элге жактыӊыз, эми жерге жагыӊыз»

Коштошуу зыйнатынын акырында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Казакстан, Түркия, Орусия мамлекетинин чыгармачыл ишмерлеринин Кыргызстанга көӊүл айтуусун окуп бүткөн соӊ: «Жамал эже, Сиз кыргыз маданияты үчүн нар көтөргүс эмгек кылдыңыз. Сиздин сахнадагы үнүӊүз алтын тамга менен алтын фондго өчпөс болуп жазылып калат. Кайыр кош, кыргыз сахнасынын канышасы. Сиз элге жактыӊыз, эми жерге жагыӊыз«,-деди.
60 жылдан ашуун эмгектенип, бүт өмүрүн кино, театрга арнаган, акыркы демине чейин сахнадан түшпөгөн улуу инсан 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында жарык дүйнөгө келсе, 16-февралда, түнкү саат үчтө 82 жаш курагында Бишкекте оорудан көз жумган. Эң мыкты ролдорду жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, II, III даражадагы «Манас» ордени, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалы менен сыйланган. “Туңгуч” жаштар драма театрын негиздеп, жетектеп өттү.

Архивден…

Жамал СЕЙДАКМАТОВА: «Жаштыкты, учкул мезгилди токтотчу күч жок тура»

2019-жылы 19-сентябрда Жамал Сейдакматова II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Ошол эле жылы, сентябрдын сегизинде эжебиздин 80 жылдык мааракеси Ысык-Көлдө, өзү туулуп-өскөн Темир айылында белгиленген. Эжебиздин сыйлыгын, мааракесин куттуктап, журналист Шейшекан Жаналиева маек куруп, биздин сайтка берген эле…

«Сейдакматова Жамал эже менен мен тээ 80-жылдардан бери чыгармачылык байланыштамын, эже-сиңдидей мамилебиз бар. “Ысык-Көл правдасы” (“Ысык-Көл кабарлары”) гезитинде жаңыдан кабарчы болуп иштей баштаганымда, Жамал эженин чыгармачылыгы тууралуу алгач макала жазган элем. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт учкан куштай учуп кетиптир. Жамал эжем айткандай, жаштыкты, учкул мезгилди токтотчу күч жок тура!» — деп баштаган маегин Шейшекан Жаналиева.

 — Эже, сыйлыгыңыз кут болсун. Сыйлык сиздики, сыймык биздики. Эми сахнадан кетип, эс аласызбы?

— Рахмат, айланайын. Кубанычым койнума батпай, канатым болсо учкум  келип делөөрүп турам. Президенттин сыйлыгына, наамымды куттуктап, сыймыктанып жаткан кыргыз элиме ыраазымын, башымды ийип, таазим кылам. Элим жупуну эмгегимди баалап, атымды алайга,  даңкымды далайга чыгарды. Дагы эле иштей берем. Сахнадан кетпейм деп айта албайм, бирок, али кайрат-күчүм барда эмгектен качпайм. Эми мен Каныкейди, Катаринаны, Дездемонаны, Таңга бийкени ойнобойм, өзүмдүн студиямдан жаштарды өнөр секичесине даярдайм, машыктырам, окутам.

— 80-күздү тосуп жатасыз. Тагдырыңызга ыраазысызбы?

— Тагдырыма ыраазымын. Жаштыкты, учкул мезгилди токтотчу күч жок тура. Мына, 80дин туу чокусуна чыгып, туулган айылымда, ага-туугандарым менен кутман курагымды белгиледим. «Балыр болуп түбүңө, Жаткым келет Ысык-Көл» деп ырдаган балалыгымдын издери дале көз алдымда. Артист болом дегенде ак эткенден так этип жүрүп жеткен, эңсеген бакыт жылдызымдын жарыгын өчүрбөөгө 60 жылдан ашуун эмгегимди жумшадым. Эс алуу дегенди билген жокмун, Кудай мага өмүр, күч-кубат, бакубат жашоо, бактылуу карылык берсе дале өнөр деген өжөр нерсе менен күрөшө берем.

Секелек кезимден өнөр адамдарын ээрчип, ырчы, артист болом деген максатымдын өтөлгөсүн көрүп, элге таанылдым. Жандүйнөмө, табиятыма, кулк-мүнөзүмө, ой өрүшүмө туура келген көөнө чыгармалардагы каармандардын бейнелерин жараттым. Ыйык сахнанын, театр өнөрүнүн касиетин жан отум менен кабыл алып, Каныкейдин, Дездемонанын, Катаринанын, Курманжан датканын ж.б. каармандардын бейнелерин түздүм. Мен ал каармандарымдын ролун ойногон жокмун, алар менен жашадым. Алар күлсө күлдүм, ыйласа ыйладым.

ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин Манасын уктум, Залкар комузчу Карамолдо атамдын алдына олтуруп, күүлөрүнө термелгем. Табият мага талант, өнөр деген улуу шыбаганы берди, ийгиликтеримдин 99 пайызы талыкпаган, изденип түйшүк тарткан тер төккөн мээнетимдин аркасынан келди. Чыгармачылыктын чыныгы ээси катары ата-бабаларым көрбөгөн дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум. Мен бактылуумун.

— Кандай максат менен өмүр сүрдүңүз?

— Чириген бай  болоюн деген жокмун, Кудайым мени сый-урматтан кур калтырбасын, жатып ичээр жалкоолукка жакындатпасын, элимдин алкышын алайын, ак эмгегимден баар табайын, мына ушундай илгери үмүт, максат менен өмүр сүрдүм.

Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.