ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайына байланыштуу бүгүн, 17-февралда, шашылыш билдирүү таратты. Алардын айтымында, 17-февралдан 19-февралга чейин абанын температурасы жогорулайт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошого байланыштуу унаа жолдорундагы чакырымдардагы эрежени сактоо зарыл!

«Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу)  кар көчкүнүн түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!» деп жазылат маалыматта. 

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы         

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.