Басма сөз кызматы: «Садыр Жапаров Рахматулла ажыга эч нерсе убада кылган эмес»

Басма сөз кызматы: «Садыр Жапаров Рахматулла ажыга эч нерсе убада кылган эмес»

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек Токтомушевдин кызматтан алынышы тууралуу интернетте тараган аудиотасма боюнча Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек бүгүн, 17-февралда, комментарий берип, Максат Токтомушевдин кызматтан кетишине президент Садыр Жапаровдун эч тиешеси жок экендигин билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы: “Галина Байтерек билдиргендей, мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөздө. Ал Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады”,- деди…

Белгилей кетсек, 14-февралда мурдагы муфтий Рахматулло Эгембердиевдин сүйлөшүүсү делген аудио социалдык тармактарга тараган. Анда үнү анын үнүнө окшош адам президент Садыр Жапаров президенттик шайлоо алдындагы үгүт иши менен Баткенге барганда, ага Султан Гафуров аттуу адам муфтийликке сунуштаганын айтып берген. Аудиону бу жердеги ШИЛТЕМЕден уксаӊыз болот.

Садыр ЖАПАРОВ: «Муфтийдин ишине бийлик кийлигишпейт»

Ага чейин, 11-февралда президент Садыр Жапаров биринчи жолу КТРК каналына маек берип, Максат ажы Токтомушевдин кармалышы тууралуу да суроого жооп берген болчу…

Эске сала кетсек, Максат ажы Токтомушев 10-февралда кечке маал суракка чакырылып, сурактан кийин эле  камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал киши ошол күнү эртеӊ менен эле муфтий кызматынан өз каалоосу менен арызын жазып кеткен болчу. Анын эртеси, 11-февралда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, ажынын арызын канааттандырышкан.

11-февралдан 12-февралга караган түнү экс-муфтий Максатбек Ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аны үй камагына чыгарган.

15-февралда Максатбек ажы элге кайрылуу жасаган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчилик кызматка талапкерлердин арызы 17-февралдан 17-мартка чейин кабыл алынаары, ага чейин, жаңы жетекчи шайланып келгенче, муфтияттын жобосуна ылайык, муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев башкарып турары 11-февралда белгилүү болгон эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.