48 саатка камакка алынган Матраимовго Ташиев бүгүнтөн баштап чара көрүп, бир нече чоң чиновникти камайт!

48 саатка камакка алынган Матраимовго Ташиев бүгүнтөн баштап чара көрүп, бир нече чоң чиновникти камайт!

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 18-февралда, Баткен облусуна барып, жашоочулар менен жолугушуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ага Райымбек Матраимовдун соту боюнча суроо узатылганда, ал: «Матраимовдун соту боюнча, мен ошону алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй мүлктөрүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде барып, ошол маалыматтарды топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам. Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөм го деген ойдомун», — деп жооп берген.

Ошондо Ташиев бүгүнтөн (19-февралдан) баштап Матраимовго чара көрөт.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Биз бир нече чоң чиновникти камакка алабыз!»

Ошондой эле Камчыбек Ташиев: «Кудай буйруса, азыр биз бул жактан (Баткенден — ред.) саат төрттө учуп кетебиз. Жумушка барып эле президент менен жолугам. Эртеңден баштап көрөсүздөр, биз бир нече чоң чиновникти камакка алабыз. Себеби алар элдин канын сорушкан«, — деген…

Демек, бүгүн, 19-февралда бир топ чиновниктер камалат.

Эске сала кетсек, 52 жаштагы Камчыбек Ташиев 6-февралда ден соолугуна байланыштуу врачтардын сунушу менен чет мамлекетке барууга аргасыз болуп жатканын билдирип, жөнөп кеткен. 12-февралда Германияда жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү өткөн. Ал кечээ, 18-февралда, чет мамлекеттен Кыргызстанга кайтып келип,чек арадагы кырдаал менен таанышуу үчүн дароо Баткенге барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын жана журналисттердин суроолоруна жооп берип кайткан болчу…

Экинчи жолу кармалган Райымбек Матраимов

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кечээ, 18-февралда, УКМКга суракка чакырылып, камалган.

«2021-жылдын 18-февралында УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 саат ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», — деп жазылган УКМК маалыматында.

Белгилей кетсек, 11-февралда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму болуп, өкүм чыккан. Судья Гүлзат Дыйканбаева айыпталуучуну жаза чарасы катары 260 миң сомдук айыппулга жыгып, сот өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоосу тууралуу бөгөт чарасы да күчүн жоготорун, аны менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болгонун билдирген эле.

Эске сала кетсек, УКМК 2020-жылдын 20-октябрында Райымбек Матраимовду кармаган. Анда ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схеманы түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген болчу. Ошол эле күнү сот болуп, Матраимовду мамлекетке 2 миллиард сомду төлөп берүүгө милдеттендирген эле. Анан тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагына бошотулган.

А бирок Райымбек Матраимов 2019-жылы «7 тыйынга да тиешем жок» деген эле…

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев 2020-жылдын 24-декабрындагы басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген. Ал эми АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский актысы» аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Мындай иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд четке кагып, ал иликтөөлөрдү «каралоо» деп мүнөздөп сотко кайрылышкан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.