Эки айга камалган Райымбек Матраимов кан басымы көтөрүлүп кеткени тууралуу даттанды

Эки айга камалган Райымбек Матраимов кан басымы көтөрүлүп кеткени тууралуу даттанды

УКМКнын тергөө абагындагы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жолугуп чыкты. Бул тууралуу Б.Рысбеков өзү бүгүн, 22-февралда, ММКга билдирди.

Анын айтымында, Абылгазиев ачкачылык кармабаганын, Матраимов болсо, кан басымы көтөрүлүп жатканын айткан. Экөө тең тергөө абагынын шартына, кызматкерлерге дооматтары жок экенин билдирген.

Эске сала кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айыпталууда. Ошондой эле ал премьер-министр болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүү тууралуу токтомго мыйзам бузуп кол койгон деп шектелүүдө. Ал ушул жылдын 26-январында камалган.

Ал эми Райымбек Матраимов болсо, 18-февралда кайтадан УКМКга суракка чакырылып эле камалган. Анын бөгөт чарасы 20-февралда жабык эшик артында каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алган. Мындай чечимге Матраимовдун адвокаты Мадина Ниязова макул эмесмин деп, 5 күн ичинде жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.