«Мен патриот» турниринде “Шумкар” полку 17 медаль жеӊип алды

«Мен патриот» турниринде “Шумкар” полку 17 медаль жеӊип алды

“Мен патриот” аталыштагы турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 17 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы бүгүн, 22-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, турнир Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата 20-21-февралда “Газпром” спорт комплексинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өткөн. Турнир Аскердик кол күрөш федерациясы тарабынын уюштурулган. Турнирде ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунан 65 кызматкер ар кандай салмакта күч сынашып, анын ичинен 17 кызматкер байгелүү орунга ээ болушкан. 17 медаль ээлерин полктун жалпы өздүк курамы куттуктап, мындан ары дагы спортто ийгиликтерди каалап, кызмат менен спортту эриш-аркак алып жүрүүлөрүнө тилектештиктерин билдиришкен.

Өз кезегинде «Алакан» сайты да жалпы каалоо-тилектерге кошулуп, атайын күжүрмөн даярдыктагы “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун жалпы мырзаларын алдыдагы маанилүү майрам — 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.