Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрдү. Министр милицияларга кандай тапшырма берди?

Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрдү. Министр милицияларга кандай тапшырма берди?

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн колго алуу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда, ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, онлайн кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктардын жетекчилери катышты. Министр коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин күчөтүү, жер-жерлерден ИИО начальниктеринин түздөн-түз өздөрү катышуусун, элдин суроо-талаптарын угуп, аларды өз убагында чечүү маселелерин күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле ички иштер органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруудагы басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү дагы каралды.

Биз коомдук тартип, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо багытын күчөтүү керекпиз. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин белгилеймин. Катталган кылмыштардын, жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү жана өз убагында сот органдарына жиберүү керек. Милициянын көчмө кабылдамалары мал базар күндөрү Кыргызстандын мал базарларында да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Мал уурулуктун алдын алуу, мал базарлардагы ар кандай укук бузууларга жол бербөө, ыкчам иштерди жүргүзүү, мал уурулуктардын бетин ачуу иш-чараларын күчөтүү керектигин баса белгилеймин ”,- деди Улан Ниязбеков.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт шартына жараша өткөрүп турат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.