ВИДЕО — Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Самат деген ким?

ВИДЕО — Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Самат деген ким?

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы ММКларга билдирди.

Элчи Гүлнара-Клара Самат тууралуу учкай маалымат бере кетсек, ал биз мурда Клара Кабилова деп билген айым. 2007-жылы БШК төрайымы болуп турганда, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевден коркунуч жаралып жатканын жарыялап, Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда жашап, атын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болуп алган. 2018-жылдын май айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Тагырагы, Аида Салянованын ордуна келген. Ал учурда анын Орусия жарандыгы болушу мүмкүн экендигин «Карек» коомдук бирикмеси айтып чыгып, аны тактоону БШКдан өтүнгөн. Алар болсо, «депутаттык мандат кош жарандуулук тууралуу маалымат кылдат текшерилгенден кийин гана берилгенин» билдирген. 2021-жылдын 5-январында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясы катарынан чыгарылган. Эми ал мандатын БШКга тапшырат.

Гүлнара-Клара Самат тууралуу толук маалыматты «Некс ТВ» журналисти Акылай Маратова даярдаган видеодон көрсөңүздөр болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.