Нурлан КАМЧИЕВ: «23-февраль — руху күчтүү жарандардын майрамы. Эр жүрөк адамдарга кучак толо кубаныч каалайм!»

Нурлан КАМЧИЕВ: «23-февраль — руху күчтүү жарандардын майрамы. Эр жүрөк адамдарга кучак толо кубаныч каалайм!»

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата атайын майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, атайын майрамдык иш-чара кечээ, 22-февралда, болуп өткөн. Анда кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ички иштер министринин жана полк командиринин буйруктары окулуп, сыйлыктар тапшырылган.

Ата Мекен коргоочулары күнү менен жалпы өздүк курамды полк командиринин орун басары-штаб башчысы милициянын полковниги Нурлан Камчиев куттуктаган:

Кымбаттуу кесиптештер! 23-февраль – өз Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана өз жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандарыбыздын майрамы. Бул майрам — Мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат. Ата-Мекенибиздин коопсуздугун сактоо — биздин кызматкерлердин, намыскөй уул – кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат. Андыктан ар бирибиз Мекен коргоочунун, Мекен сакчысынын наамын бийик туталы! Биздин бир гана Мекенибиз бар, ал – бардыгыбыз үчүн ыйык жана улук Кыргызстаныбыз. Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм! Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм”.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.