Садыр ЖАПАРОВ: «Азыркы муун кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатат»

Садыр ЖАПАРОВ: «Азыркы муун кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатат»
23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү. Бул майрам Советтер Союзунан бери салттуу майрамдалып келаткан. Бирок, эгемендик алганыбыздан кийин бул күн мамлекеттик майрамдар тизмесинен бир канча жылга чийилип калган болчу. Кийин — 2003-жылдан баштап кайрадан  тизмеге киргизилип, майрамдар катары толукталды. Ошентип Мекенибиздин улуу-кичүү коргоочуларын бул майрамы менен президентибиз Садыр Жапаров да куттуктады:
— Жолдош жоокерлер жана сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер! Жолдош генералдар!
Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!
Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.
 Бул майрам — жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.
Элибиз Мекенди коргоочулардын эрдиктерин эс-тутумунда аздектеп сактап келет.
 Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Афган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.
Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат, армиянын аброюн жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болот, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгына сый-урмат көрсөтүү болуп саналат.
 Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Алар Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда.
 Урматтуу ардагерлер!
Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, жаш муунду Мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына мындан ары дагы күжүрмөн даярдыкты, кесипкөйлүктүн жана аскердик өнөрдүн өркүндөй беришин каалайм.
Бардык кыргызстандыктарды дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм.
Маалымат үчүн

Кыргызстан армиясы 139 өлкө ичинде 93-орунда турат

«Global Firepower» эл аралык компаниясы өлкөлөрдүн аскердик кубаты боюнча тийиштүү индексти чыгарууда ар бир мамлекеттин ички дүң өнүмү, мамлекеттик карызы, аймагынын аянты, армия саны, резервдеги армия саны, куралданган техникасы сындуу бир нече факторду карап чыгып, орундардын тизмесин чыгарат. Бу жолу Кыргызстан армиясы 139 өлкө ичинде 93-орунду ээледи. Кубаттуу армияга ээ өлкөлөрдүн алдыӊкы ондугуна АКШ, Россия, Кытай, Индия, Франция,Англия, Япония, Түркия, Германия, Египет кирет. Ал эми Борбор Азиядагы 5 өлкө ичинде Кыргызстан 4-орунда турат. Биринчи орунда — Өзбекстан армиясы, 2-орунда — Казакстан, 3-орунда — Түркмөнстан.
Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда түзүлгөн жана ушул күндү өздүк майрам катары майрамдашат. Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүмү негизи кургактыктагы жана абадан коргонуу болуп экиге, аймактык жактан Түштүк-батыш жана Түндүк аскерлер тобу болуп бөлүнөт. Жалпы күч түзүм тутумунда Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Өзгөчө кырдалдар министрлиги, Улуттук гвардия, Мамлекеттик коргоо кызматы жана Адилет министрлигинин кызматкерлери аталып келген. Акыркы жылдары Коргоо министрлиги жоюлуп, анын ордуна, КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эле аскердик тутумдун башкы командалык органы Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы аталып жана жалпы Куралдуу күчтөр 2014-жылдан бери ушул штабдын башкаруусунда келаткан. 2018-жылы Жогорку Кеңеште ал кездеги депутат Алмамбет Шыкмаматов «Генштаб генералдары чет мамлекеттерде таанылбай жатат, мындай орган тышта анча маанилүү мекеме эмес» деп Коргоо министрлигин кайтаруу маселесин көтөрүп чыккан. Ушул маселе азыркы бийлик учурунда да козголуп, өлкө башчысы февраль башында Коргоо министрлигин кайрадан түзүү жарлыгына кол койгон болчу…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.