Видео — Баатырларча курман болгон Уран Алиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү

Видео — Баатырларча курман болгон Уран Алиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү

2005-жылы 5-апрелде уюшкан кылмыштуу топ менен кармаш учурунда баатырларча курман болгон милициянын полковниги Уран Алиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы бул мелдеш Ата Мекенди коргоочулар күнүнө утурлай өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кичи футбол боюнча мелдешке 11 команда катышып, 1-орунду Ош ОИИБнин Кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальону командасы, 2-орунду Өзгөн РИИБнин курама командасы, 3-орунду ИИМдин «Шумкар» АБПнун №3 батальонунун Ош облусу боюнча атайын операциялар отряды командасы ээлеп, ар бири 1-2-3-даражадагы кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышкан. Аны менен катар мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу жана мыкты дарбазачыларга да атайын диплом, акчалай сыйлыктар берилген.

Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=3PTsZMxT1X8

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.