Жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча корутундуну берүү үчүн акча талап кылган адам кармалды

Жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча корутундуну берүү үчүн акча талап кылган адам кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз сый акы алууга шектелген соттук-медициналык экспертти кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Ош облусунун Араван районунда жашаган аял 18-февралда милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча талап кылганын, 1100 сом акча алып, кошумча дагы 3000 сом талап кылып жатканын айткан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматкерлердин сый акысын мыйзамсыз алуу» 238-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин алкагында акчаны накталай алып жаткан факт видеого тартылып алынган. Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга акча талап кылган адам өзү келбей, таанышын жөнөтүп, жыйынтыгында, экөө тең кармалган.

Кармалган соттук-медициналык эксперттин буга чейин да ушул сыяктуу мыйзамсыз кыӊыр иш-аракеттери үчүн жоопко тартылгандыгы айтылууда. Бул жана тийиштүү башка маалыматтар боюнча ИИМдин басма сөз кызматы кийин кошумча билдиришээрин, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.