Чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү Жарлыгына президент кол койду

Чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү Жарлыгына президент кол койду
Бүгүн, 24-февралда, биринчи жолу иш сапары менен Орусияга учуп кеткен президент Садыр Жапаров чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга репатриациялоо (жеткирүү) тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 
Алардын билдирүүсүнө караганда, чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн жеткирүүнү жөнгө салуу, туугандарына мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү максатында токтом кабыл алынып, Өкмөткө сунушталат. Ал төмөндөгүдөй:
— Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;
— Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн репатриациялоону жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;
— Кайтыш болгон жарандардын сөөгүн репатриациялоону жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;
— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине кайтыш болгон жарандардын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;
— Ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде учурда колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.

Садыр Жапаров Владимир Путин менен эмнени сүйлөшөт?

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын жүрүшүндө, Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, актуалдуу эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана өз ара байланышты өнүктүрүү келечегин талкуулайт. Ошондой эле президент Орусия премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Дума төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугат.

Президенттик делегация курамы:

1. Руслан Казакбаев, Тышкы иштер министри;

2. Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин аппаратынын жетекчиси;

3. Артем Новиков, биринчи вице-премьер-министр;

4. Улукбек Кармышаков, вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри;

5. Дастан Дюшекеев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

6. Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

7. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;

8. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

9. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;

10. Аскарбек Жаныбеков, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

11. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;

12. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри;

13. Алмамбет Шыкмаматов, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

14. Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

15. Бактыбек Кудайбергенов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.