Мушташкан эки айымдын бири ооруканада… Экөө кызмат талашканбы же?

Мушташкан эки айымдын бири ооруканада… Экөө кызмат талашканбы же?

«Слово Кыргызстана» орус тилинде чыгып жүргөн мамлекеттик гезитинде иштеген эки айымдын мушташканы тууралуу маалымат интернетке тарап, ал маалыматты Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы ырастады.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 23-февралда, болгон. Аталган гезиттин башкы редакторунун милдетин аткарып жаткан Кифаят Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабагандыгы тууралуу маалымат милицияга саат 16:30да келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барганда, Аскерова Бралкеева анын иштешине жолтоо болуп, кол көтөрүп денесине оор жаракат келтиргенин айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатыптыр.

Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага тез жардам менен жеткирилген. Учурда денесине канчалык залал келтирилгенин текшертип, тийиштүү медициналык кароодон өтүп жатыптыр. Бралкеева да ушул эле аракеттерди көрүп жатат дешет.

Алардын кесиптештеринин айтуусу боюнча, эки айымдын мамилеси мурдатан эле начар болгон.  Мурунку редактор Тамара Слащева кызматтан алынып, анын ордуна Курманбек Мамбетов дайындалып, ал киши да кызматтан кетип, редактордун милдетин убактылуу Кифаят Аскерова аткарып калгандан кийин ого бетер курчуган. Учурда редакция бир бөлүгү мурунку редактор Тамара Слащеваны колдоп, бир бөлүгү ага каршы болуп, бири-бири менен ыркы келишпей турган кези экен. Айтымында, мындай абал бир нече айдан бери уланып келаткан.

 Айтмакчы, бир сабады, бири сабалды деген айымдар бири-бирине карата «сабалган мен, сабаган тиги» деп арыз жазышкан. Эми бул окуяга юридикалык баа, милиция айтымында, экспертиза корутундусу менен гана берилет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.