Казакбаев менен Лавровдун макулдашуусу: Кыргызстандын аймагында пилотсуз аппараттар учурулат

Казакбаев менен Лавровдун макулдашуусу: Кыргызстандын аймагында пилотсуз аппараттар учурулат

Бүгүн, 25-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Алар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгы, эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуугун талкуулашып, бир катар документтерге кол коюшту.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргызстан өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандагы идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатта, Орусия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Эки мамлекеттин Коргоо министрликтеринин макулдашуусу менен Кыргызстандын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча протокол;
  • КР менен РФтин 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасы;
  • КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен РФ Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.