Байдилда Аскар: «Президент Садыр Жапаровду көргөнсүп чочуп, таң кала карашат»

Байдилда Аскар: «Президент Садыр Жапаровду көргөнсүп чочуп, таң кала карашат»

 

Жакында эле президент Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү «Фейсбукка» жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууланган эле. Кээ бири ишенсе, айрымдары ага ишенип-ишенбей, «баласы эмес бекен» деп тамашалап жазгандар да болгон.

Анткен менен, бул сырдуу жигит тууралуу «Турмуш» сайты учкай маалымат менен кошо бир топ сүрөттөрдү жарыялады. Ал 2-курста окуп жүргөндө эле аны кайсы бир адамга окшоштурушкандар болгонун, анда ал Садыр Нургожоевичти тааныбагандыгын, коомдук жайларда жүргөндө аны айрымдар президентти көргөнсүп чочуп, кээ бири таң калып карашарын айтып берген.

Фото «Турмуш» сайтынан алынды

Аты-жөнү:  Байдилда Аскар Талгатович;

Туулган жылы, жери: 1992-жыл, Казакстандын Тараз шаары;

Улуту: казак;

Окуган жери: Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академияга 2013-жылы тапшырган, учурда ординатурада окуп жатат;

Кесиби: невролог-дарыгер;

Билген тили: кыргыз, казак, орус;

Максаты: Балдар укалоочу ортопедия борборун ачуу;

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү; эки бир тууган, карындашы бар.

Жашаган жери: Бишкек жана Тараз шаары.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.