Кызмат учурунда курман болгон милициялардын эрдиктери эскерилди

Кызмат учурунда курман болгон милициялардын эрдиктери эскерилди

Бүгүн, 26-февралда, Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнө 29 жыл толду. Датага арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоого ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы милициянын отставкадагы полковниги Жоошбаев Султан Жоошбаевич, полктун командири милициянын полковниги Султаналиев Аскат Ишенбаевич, полктун мурдагы командири, ардагер, милициянын отставкадагы полковниги Мурзаев Джамалдин Сапарович, полктун атайын операциялар отрядынын мурдагы командирлери, ардагерлер жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары катышып, курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, 1 мүнөттөй унчукпай тунжурап эскеришти.


Кызматкерлер сыйлык менен сыйлангандан кийин аларды Октябрь Урмамбетов иштер министринин жана өзүнүн атынан куттуктады.

«Бүгүнкү күндө полктун атайын операциялар отрядынын кызматкелери зор тажрыйбага ээ жана алар күжүрмөн кызматтык тажрыйбаларын ар качан бекемдеп келет. Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтбуздун алдында берген антына бек туруп, өз өмүрүн аябай тобокелге салып ар качан күтүлбөгөн тамшырмаларды так, туура жана жоопкерчиликтүү аткарып келүүдө. Ошондой эле кызмат учурунда өз жанын аябай курман болгон кесиптештерибиздин жасаган эрдиктерине таазим этип эскерип кетели. Бүгүнкү күндө отряддын кызматкерлери өлкө аймыгында өткөрүлүп жаткан ар тараптуу машыгууларга катышып бай тажрыйба топтоп өздөрүнүн жоопкерчилигин дагы жогорулатып ишин арттырат десек болот.

Урматтуу кесиптештер! Баарыңыздарды дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Кыргыз мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган кызматыңыздарды чоң жетишкендиктер коштоосуна тилектешмин!”, — деди О. Урмамбетов.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.