Президенттин алгачкы эл аралык иш сапары кандай аяктады: Путинди Кыргызстанга чакырды, анан?..

Президенттин алгачкы эл аралык иш сапары кандай аяктады: Путинди Кыргызстанга чакырды, анан?..

Президент Садыр Жапаровдун алгачкы эл аралык иш сапары ийгиликтүү, жемиштүү, пайдалуу аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек ММКларга билдирди. Анын айтымында, сапардын ар бир мүнөтү алдын ала пландалып, жазылган. Баары план боюнча аткарылып, бир да мүнөт текке кеткен эмес. 

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирип, Владимир Путинди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын Президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
Президенттин иш сапарынын экинчи күнүнүн күн тартиби да тыгыз болду. Мамлекет башчысы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле Орусиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.
Президенттин иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады. Ал кечээ, 25-февралдын түнүндө Кыргызстанга кайтып келди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.