Сапар Исаков чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткенин айтып, президентке кайрылды…

Сапар Исаков чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткенин айтып, президентке кайрылды…
Экс-премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандан аргасыз чыгып кеткендиги тууралуу айтып, президент Садыр Жапаровго, кыргыз элине социалдык тармак аркылуу кайрылды:
Урматтуу мекендештерим, ардактуу кыргыз элим!
«Мени качып кетти, таза болсо качпайт эле» деп ар кандай каралоолор болуп жатат. Мен ачык кайрылуу кылып коюуну туура көрдүм. 9-октябрь күнү менин жеке өмүрүмө коркунуч болуп, менин унаама ок атылгандыгы, баарыңыздарга айтпасам да белгилүү. Өзүмдүн, үй- бүлөмдүн коопсуздугун ойлоп, убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгом.
Жакынкы арада акыйкаттык орноп, сөзсүз сүйүктүү Кыргызстаныбызга кайтып келем деп толук ишенем.
Урматтуу президент! Соттор!
Мен сиздерден ачык айкын сот процесстерин өткөрүүңүздөрдү талап кылам. Себеби мурдагы бийлик саясий куугунтук кылып, эч бир далилсиз камаган. Азыркы убакытка чейин байлыктарымды, же чет өлкөлөрдөн банктык эсептерден бир тоголок тыйын, же бирөө-жарым пара бергендигин далилдей алган жок. Бул менин тазалыгымдын белгиси, жана саясий куугунтук экендигинен кабар берет.
Урматтуу президент!
Мен жеке сизден ачык айкын сот процесстерин өткөрүп берүүңүздү суранам жана талап кылам. Тилекке каршы, азыр дагы белгисиз себептерден соттук отурумдар жөнү жок жылууда. Ачык айкын, адилеттүү соттук териштирүү болсо, менин күнөөм жок экени далилденет да, чыныгы ошол убактагы коррупционерлер, чыныгы ТЭЦке күнөөлүүлөр ачыкка чыгат. Мен ишенем азыркы бийлик, мурдагы бийликтин катасын кетирбейт деп. Акылман элибиз баарын көрүп билип турат, жана өз баасын берет сөзсүз.

Сапар Исаков 15 жылга кесилген… Абактан бошотулган боюнча дайынсыз…

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын лидерлери, тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чыгып, митинг уюштурушкан. Митингчилер абактагы бир топ саясатчыларды бошотуп жиберишкен. Алардын арасында Сапар Исаков да болгон. Абал турукташкандан кийин бир топ саясатчылар кайра камакка алынган, бир гана Айбек Калиев өз ыктыяры менен барып, абакка отурганын УКМК билдирген. Алар Албек Ибраимов менен Сапар Исаков гана кармала электигин кабарлаган эле.
Эске сала кетсек, 2019-жылы, 6-декабрда ЖЭБ тууралуу маселе боюнча мурдагы премьер -министр Сапар Исаков  15 жылга кесилген.
Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында башталган, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылган, атай кетсек, алар: мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов.
Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан эле… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.