«Түндүк электро»: «5 миң абоненттин электр энергиясы 1-марттан баштап өчүрүлөт»

«Түндүк электро»: «5 миң абоненттин электр энергиясы 1-марттан баштап өчүрүлөт»

«5 миңден ашуун абоненттин электр энергиясы 1-марттан баштап өчүрүлөт» деп «Түндүк электро» ишканасы эскертти. Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыков электрди пайдалануу лимиттен бир нече эсе ашып кеткенин 24-февралда парламентте билдирген эле. Анын айтымында, электр кубаты үнөмдөлбөсө, 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин азаят.

«Токтогул» суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу өкмөт быйылкы күз-кыш мезгилинде коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайында 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

«Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 26-февралга карата 9,728 млрд. куб. метрди түздү. 2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге чейин түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келатышкан жана кайталап эскертүүлөр айтыла баштады…

Анткен менен ушул тапта ар кайсы айыл, шаарларда свет өчүрүлүп жатканы айтылууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.