ВИДЕО — Алмазбек АТАМБАЕВ: “Батукаевдин бошотулушуна Аида Салянованын эч тиешеси жок”

ВИДЕО — Алмазбек АТАМБАЕВ: “Батукаевдин бошотулушуна Аида Салянованын эч тиешеси жок”

Бүгүн, 26-февралда, саат 14:00до Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо соту уланмак, болбой калды. Салянованын синдиси Чынар Турдалиеванын айтымында, сот отуму 4-мартка жылдырылды.  

Алты жыл мурунку окуя. Рысалиевдин Батукаевге кам көргөнү… айтылган эле…

Эске сала кетсек, Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл 8 айга кесилген кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген таризде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган.

Эми сөздү депутат Зарылбек Рысалиевден баштасак. Батукаев абактан бошотулган учурда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болгон.  2013-жылы, апрелде, Батукаев Нарын шаардык соттун чечими менен «айыккыс ооруга чалдыкты» деген таризде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Чеченстанга учуп кеткен. Бул чуулгандуу окуя парламентте талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.  Комиссия бүтүмү боюнча Болот Шер Жогорку Кеңеште баяндама жасаган. Баяндамадан кийин депутаттар арасында суроо-жооп болуп, Өмүрбек Текебаев парламент трибунасынан сүйлөп, З.Рысалиевдин Батукаевге кам көргөнүн күйүп-бышып айтып, ачууланган эле. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бошотулган”

Өмүрбек Чиркешович Атамбаевдин көрсөтмөсү менен чыкканын айткан эле. Ал төмөнкү ВИДЕОдо:

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Батукаевге Салянованын тиешеси жок”

Атамбаев өзү деле аны моюндап жатат, “Батукаевди өлүп калат деп мен да ишенгем. Мени алдап кетишиптир. Ал боюнча Путинге кат жазгам. Батукаевге Салянованын эч кандай тиешеси жок”, — деп. Төмөндөгү ВИДЕОну көрүңүз!

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Салянованы кармоодо Башмыйзам бузулду”

Мындан тышкары, Өмүрбек Текебаев Аида Салянова жаңы камалганда Башмыйзам одоно бузулганын айткан. Мындай сөздү депутат Рыскелди Момбеков да «Азаттыкка» маек берип жатып айткан. Ал Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзамдын беренелери бузулганын жакшы түшүндүрүп берген. “Баш мыйзамдын 74-беренесинин 4-главасында, «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө» берененин экинчи бөлүгүндө башкы прокурорду дайындоого президенттин сунушу менен парламент макулдук берээри, жазык жоопкерчилигине тартууга да макулдук берээри жазылып турат. Аида Жеңишбековага козголгон кылмыш иши анын башкы прокурор болуп турган кездеги кыймыл-аракети менен байланыштуу болуп жатпайбы. Ошол жактан алып караганда, Баш мыйзам бузулду. Ал көңүл сыртында калды, бул кооптуу прецедент”, — деген эле Р.Момбеков.

Аида САЛЯНОВА: «Батукаевдин бошошуна менин тиешем жок»

Бул иш боюнча Аида Салянова да «Азаттыкка» жооп берип, бул ишке эч тиешеси жоктугун айткан. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Аида Салянова акталышы керек!

Мына, окурман, баарын өзүӊүздөр уккандай, бул окуяга Аида Салянованын эч тиешеси жок. Өмүрбек Чиркешович жогоруда айткандай, Батукаев андагы ажо Атамбаевдин көрсөтмөсү менен чыккан жана анын айтканын аткарууга, чыгарууга андагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев катуу кам көргөн. Батукаевдин бошотулушуна, Кыргызстандан учуп кетишине чейин кам көргөн адамдар мыйзам чегинде абакка отуруп, 4-мартта чекит коюлуп Аида Салянова акталышы керек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.