Жээнбеков менен Отунбаеваны экс-президент макамдарынан ажыратуу үчүн кол топтолуп жатат

Жээнбеков менен Отунбаеваны экс-президент макамдарынан ажыратуу үчүн кол топтолуп жатат

Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны экс-президент макамдарынан ажыратуу боюнча активисттер сунуш киргизип, кол топтоп жатышат. Алардын айтымында, сунушту колдоп 15 миң адам кол койгон. Алар экс-президенттер өмүр бою кол тийбестикке, жогорку пенсияга жана башка артыкчылыктарга ээ болууга татыктуу эмес деп эсептешет.

Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну биринчилерден болуп 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолордун катышуучулары демилгелешти. Алар мурдагы президент парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга жол берип, коррупционерлерди колдогон деп эсептешет. Нааразылыктардын натыйжасында Жээнбеков отставкага кетүүгө мажбур болгон, бирок ага карабай кол тийбестигин жана артыкчылыктарын сактап калган.

Башка бир активисттер Жээнбековду эле эмес Роза Отунбаеваны да кол тийбестиктен ажыратуу үчүн кол топтой башташты. Ал Апрель революциясынан кийин президент болгон жана бул кызматты бир жарым жыл гана ээлеп, бийликти тынч жол менен өткөрүп берген. Блогер Чынгыз Капаров аны эл шайлабаганын, мындан улам аны макамынан ажыратуу керек экенин билдирүүдө. Ал: «Жээнбековдун пенсиясы 296 миң сом, Отунбаеваныкы 140 миң сом. Анын башка чыгымдарына дагы миллион сом бөлүнөт. Эки мурдагы президент үчүн жылына 280 миң доллар жумшалат. Бул мыйзамсыз. Ошондуктан эл бизди колдоп, кол коюп кетип жатышат», — дейт.

Экс-президент макамга эки гана президент ээ

Белгилей кетсек, экс-президент макамына Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков гана ээ. Алмазбек Атамбаевден мындай макамды парламент алып койгон.  Тагыраак айтканда, 2019-жылдын 27-июнунда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыраткан. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президенттин милдетин аткарып калган Садыр Жапаровдун алгачкы Жарлыгы менен «экс-президент» макамына ээ болгон. Мындай макам Сооронбай Шариповичке бир топ артыкчылыктарды берет, анын ичинде пенсия да каралган.

Пенсия демекчи, Каржы министрлиги Сооронбай Жээнбековдун пенсиясы боюнча былтыр, 27-ноябрда, журналисттерге билдирген. Анда алар Сооронбай Жээнбеков жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алаарын айткан. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык фонд төрагасы болуп турганда, Жогорку Кеңеш жыйынына келип маалымат берип, Роза Отунбаеванын пенсиясы 80 миң сомго жакын экенин билдирген эле…

Беш президент тагдыры…

1. Аскар Акаев президенттикке кайталап шайланып бийликте 15 жыл отуруп алганы менен эл эсинде калды. Кызы Бермет Акаева менен 2020-жылдын 6-февралына караган түнү 43 жашында Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган уулу Айдар Акаев тээ бир кезде Жогорку Кеӊешке депутат болуп келгенде, элдин кыжырдануусу күчөп,  акыры Март революциясы болгон эле. Күйөө баласы Адил Тойгонбаев да тайраӊдап, экономикага зыян келтирип кеткени билинди. Ага бир нече айып тагылды, 20 жылга сыртынан кесилип, эл аралык издөөгө алынды. Акыры билдик, көрсө ал алыс кетпей эле Казакстанда эле жашап жүрүптүр. Казак журналисттери андан 2019-жылы интервью алганда, ал Кыргызстандагы ага коюлган айыптын баарын четке кагып, Бермет Акаева менен ажырашпаганын да айтып бериптир

Ошол…  «үй-бүлөсү аялы, балдары, күйөө баласы мамлекет ишине кийлигишип кетишти» делген сөзгө, сынга калган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кеткен.Үй-бүлөсү менен Россиядан баш калка таап, качып кетти. Өлкөдөн кантип чыгып кеткени, кимдер чыгарып кеткени ар кыл божомолдор менен айтылып жүрчү эле, жакында эле журналисттерге ошол учурдагы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандан Акаевди кантип чыгарып кеткенин эскерип баяндап бериптир.

2. Март революциясынан кийин бийлик алмашканда өлкө башына келген Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулатылган. Ал «Ала-Тоо» аянтын канга боеп кеткени менен элдин эсинде калды. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, сотто ал башкы күнөөкөр катары таанылып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Анын үй-бүлөсүнүн көпчүк мүчөлөрү да сыртынан кесилген. Аны да Кыргызстандан Нурсултан Назарбаев чыгарып кетиптир. Анын айткандарын бул жердеги ШИЛТЕМЕден уксаӊыздар болот. Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт.

3. Роза Отунбаева. Бакиев бийликтен кулары менен оппозиция биринчи декрет менен Убактылуу өкмөттү түзүп, Роза Отунбаеваны башчы кылышкан. Тагырагы, 19-майда кезектеги декрет менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалган. Ошол учурда Убактылуу өкмөт курамына кирген Алмазбек Атамбаев кийин, 2016-жылы 31-августтагы Эгемендик майрамында Убактылуу өкмөт бийлигин «легитимсиз»  атап, Роза Отунбаеваны жанына тургузуп алып опурулуп-жапырылып сындаганы эсибизде. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү анын айткан-дегенин четке кагып, агездеги жоопкерчиликти Отунбаева өзүнө алууга аргасыз болгонун баса белгилеп, буга Атамбаев өзү да күбө болгонун айтып келишет.

Отставкадан кийин Роза Отунбаева фонд ачкан. Ал Кыргызстандагы билим берүү долбоорлорун каржылайт. Уюмдан билдиришкендей, экс-президент артыкчылыктарын анчалык деле колдонбойт – мамлекеттик резиденцияда жашабайт, мыйзам бузбайт, демек, иммунитеттин деле кереги жок. Саясатчы президенттик пенсиясын кайрымдуулукка жумшайт.

4. Алмазбек Атамбаев чынында президенттик кызматка жылуу-жумшак келди. Ал 7-апрель жана Ош окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде кызматка келди. Негизи Атамбаев бийлик башына өзү суранып келген экен. Ал болбосо Байболов болмок экен… Бул боюнча, ал кезде чогуу жүргөн, жагдайдын баарын ичинен билген коомдук ишмер, юрист маркум Бабырбек Жээнбеков айтып берген эле. Маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Атамбаев 6 жыл бийликте бекем отурду. Ушунча жыл ичинде өзүнө ак сарай салып алганы менен элдин эсинде калды. Бийликтен да жөн кетпей, ордуна 1995-жылы табышкан досу Сооронбай Жээнбековду таштап кеткен эле. Президенттик шайлоонун алдында ачык эле аны мактап жатты, шайлоо аягына чейин досун сүрөдү. Бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берген президент катары өзүн даңазалаган эле… Анан эле эки достун мамилеси бузулуп, чукушмайлар, чукулдашмайлар башталды… Акыры Кой-Таш окуясы маалында камалып, илгерки мактаган, жактаган сөздөрүнөн кайтып, Жээнбековду ыплас сөздөрдү аралаштырып тилдеп, «мыйзамсыз келген, саткын» дегенге чейин жетип кас болуп калды. Учурда абакта… Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мына, бүгүн эле (15-январда) анын адвокаты Замир Жоошев Алмазбек Шаршеновичтин соолугу начарлап кеткенин жазып чыкты. «Алмазбек Шаршеновичтин омурткасынан эки грыжа табылган, ал көпкө чейин отура албайт. Жүрөк жана башка оорулардан да жабыркап келет. Ал тезинен дарыланууга муктаж», — деп билдирген Жоошев…

5. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, спикер орун басары, комитет төрагасы жана Айыл чарба министри, Ош облусунун губернатору, премьер-министр болгон… Анан, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо жыйынтыгы дагы бир революцияга алып келди. Ошондон кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Тагдыр тамашасын кара, 2017-жылы 15-октябрда  президент болуп келип, 2020-жылы дал ошол күнү —  15-октябрда кызматынан кетти. Бирок кийин «экс-президент» макамына ээ болду… Ал кезде президенттин милдетин убактылуу кошуп аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» макамын  берген.

Макамдан ажыратуу маселеси актуалдуу болбой калышы ыктымал…

Белгилей кетсек, мурдагы президенттерди макамдарынан ажыратуу маселеси жакында актуалдуу болбой калышы мүмкүн. Себеби, парламентте каралып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда мурдагы президенттер үчүн эч кандай артыкчылык берилген эмес.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.