Мирлан БАКИРОВ: «Матраимовдун 7 тыйынга тиешеси жоктугун депутаттык комиссия аныктады»

Мирлан БАКИРОВ: «Матраимовдун 7 тыйынга тиешеси жоктугун депутаттык комиссия аныктады»

Бүгүн, 28-февралда, Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапкерлери тынчтык митингин өткөрүштү. Алар Р.Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышты.

Митингге 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор каржылаган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен талапкер болгон ЖК депутаттары Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннамов жана Райымбек Матримовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов катышты.

ЖК депутаты Мирлан Бакиров: «Райымбек Матраимовдун иши боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, 700 млн боюнча 7 ай иликтеп, анын 7 тыйынга тиешеси жок экендигин аныктап, тактап чыкты. Сот адилеттүү болушун каалайбыз«, — деди.

УКМК: «Матраимов кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысы боюнча кармалды»

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов 18-февралда кайтадан УКМКга суракка чакырылып, камалган. Анын бөгөт чарасы 20-февралда жабык эшик артында каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алган.

Соттун мындай чечимине чейин УКМК маалымат тараткан. Анда: «2021-жылдын 18-февралында УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 саат ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», — деп жазылган.

Ошондой эле УКМК Р.Матраимовду алгач кармаганда, ал тергөө менен кызматташууга макул болгонун, күнөөсүн мойнуна алганын айткан. Натыйжада Р.Матраимов 2 млрд. сомду мамлекетке кайтарган эле.

Эске сала кетсек, УКМК 2020-жылдын 20-октябрында Райымбек Матраимовду кармаган. Анда ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схеманы түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген болчу. Ошол эле күнү сот болуп, Матраимовду мамлекетке 2 миллиард сомду төлөп берүүгө милдеттендирген эле. Анан тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагына бошотулган.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский актысы» аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Мындай иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд четке кагып, ал иликтөөлөрдү «каралоо» деп мүнөздөп сотко кайрылышкан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.