Мугалимдер үчүн вебинар уюштурулду

Мугалимдер үчүн вебинар уюштурулду

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү облустук окуу-усулдук борбору менен биргеликте жалпы Жалал-Абад облусундагы орус тили жана адабияты сабагынан берген мугалимдер үчүн вебинар уюштурду. Бул тууралуу Тилен Орозова билдирди.

Анын айтымында, Билим берүүнүн мыктысы,  орус тили жана орус адабияты мугалими Шамшидин Токтосунов тарабынан «Преподавание русского языка и литературы с изпользованием дистанционных технологий обучения в формате онлайн обучения» аталыштагы онлайн иш-чара Туралы Темиров атындагы №6 орто мектепте өткөрүлгөн. Вебинарга жүздөн ашуун адам катышып, кире албай калгандары байланышка чыгып, Токтосуновго усулдук китепченин электрондук вариантын жөнөтүп коюуну өтүнүшкөн. Кара-Көл ШБББ башчысы Алымкан Мырзалиева бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Вебинар аягында тегерек үстөлдө талкуу болуп, аралыктан окутуунун оң-терс жактары талкууланып, катышуучулар усулдук эмгеги үчүн Шамшидин Токтосуновго ыраазычылык билдирип, мындай вебинарларды үзгүлтүксүз уюштурулуп туруу мыкты жетишкендиктерди берет деген ойлорун билдиришкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.