Алиярбек АБЖАЛИЕВ: «Дубай, Түркияда үйлөрү бар» дептир, калп, үй эмес, бир кышым жок»

Алиярбек АБЖАЛИЕВ: «Дубай, Түркияда үйлөрү бар» дептир, калп, үй эмес, бир кышым жок»

Экс-президент Сооронбай Жээнбекдун кудасы, Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев УКМК билдирүүсүн четке кагып, “куру доомат” деп «Азаттыкка» жооп бериптир.

Депутаттын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес. “Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Эгер болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп. Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалык мамилени пайдаланган эмесмин”, — дептир Абжалиев.

Эске салсак, буга чейин УКМК Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганын билдирген: «Абжалиев кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, «мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн» деп шек саналууда. Ал кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP-шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган. Булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланууда».

Эми УКМКнын Абжалиевге койгон дооматтарын окуй келсеӊ, эгер шектенүү жок жерден жаралбаган болсо, бир кыйла оор, экс-президенттин кан кудасынын абалын жакшы эле кыйындаткыдай. Эгер УКМК аныгына жетип, аягына чейин чыгышса, балким, көмүскө мүлктөрдүн бир канчасы менен жакын арада таанышып да каларбыз. Балким, жок.

«…үй эмес, бир кышым жок. Эгер болсо алып алсын» деп депутат Абжалиев кимдир бирөөгө жеке кайрылганбы же жалпы териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандаргабы, аны да жакын арада билербиз…

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевдин баласы Атабек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө баш кошкон. Сооронбай Жээнбековдун бул кызы саясатка аралашпагандыктан, анын ким экенин деле билгендер аз элек, болгону анын жолдошу менен пандемия убагында азык-түлүк таратып, соопчулук кылып жүргөнү эске түштү…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Алиярбек АБЖАЛИЕВ: «Дубай, Түркияда үйлөрү бар» дептир, калп, үй эмес, бир кышым жок»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.