Депутат Марлен Маматалиев алкыш угуп, бата алды

Депутат Марлен Маматалиев алкыш угуп, бата алды

Бүгүн, 5-мартта, Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленмек. Бирок бүгүнкүдөй аба ырайы ага жол бербеди. Бул жагдай боюнча алдын ала кабардар болгон уюштуруучулар майрамдык иш-чараны кечээги күнгө жылдырып жана аны жогорку деӊгээлде өткөрүшкөндөрүнө баарыбыз күбө болдук. «Ала-Тоо» аянтына 10 боз үй тигилип, улуттук баш кийимибиз менен катар башка улуттук кийимдерибизди даңазалаган парад болуп өттү. Мындай иш-чараны журналист Элнура Кулуева баштаган топ уюштурду. Элнура айымдын айтымында, иш-чара улуттук баш кийимибизди, дегеле улуттук деген бардык баалуулуктарыбызды аздектөө, улуттук аң-сезимдүүлүккө, улуттук баалуулуктарга  сыймыктануу сезимин ойготуу сындуу улуу максаттарды көздөп уюштурулду.

«Ала-Тоо» аянтына 10 боз үй тигилип, калпак, улуттук кийимдерди даңазалаган парад болуп өттү. Айтмакчы, аталган иш-чараны уюштуруу, өткөрүү үчүн жан-дили менен киришип, өзгөчө эмгек кылган уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакуловдун айтымында, максаты бийик, аты улук иш-чарага колдоо көрсөткөн азамат эл улуу бар, ал — Жогорку Кеңеш депутаты Марлен Маматалиев. 

Марлен Маматалиевге уюштуруучулар терең ыраазычылык билдиришсе, иш-чарага катышкан ак калпактуу аталар, ак элечекчен апалар ак батасын беришти. Эл батасын, эл ыраазычылыгын Бакай Атанын батасы менен билдирип коелу дедик:

 Айтулуу шумкар көздүү бол,

Адам таппас сөздүү бол.

Байсалдуу артык үзүлбөс,

Бак баштаган күчтүү бол.

Балага балтыр бешик бол,

Бакытка ачык эшик бол.

Улууну сыйлап жетик бол,

Кичүүгө өмүр кешик бол.

Аккан суунун шары бол,

Балбандардын алы бол.

Оорулууга дары бол,

Опол тоодой кары бол.

Кыдыр болсун жолдошуң,

Кыйың күн башта болбосун.

Ыйык тут Манас ордосун,

Оомийин Кудай колдосун!

Билгилей кетсек, 5-март — Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссер Ырысбек Жабиров 2011-жылы көтөрүп чыккан. Бул демилге Жогорку Кеңеште 2016-жылы 29-мартта парламент токтому менен расмийлештирилип, 2017-жылдын 29-июнунда 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыяланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.