Финпол ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калганы үчүн жоюлдубу?

Финпол ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калганы үчүн жоюлдубу?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын (Финансы полициясы) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганын Өкмөт бүгүн, 5-мартта, билдирди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөт билдирүүсүндө Финансы полициясы өзүн актабай калгандыгы жөнүндө кыскача анализ камтылган. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда көмүскө экономика 130 млрд. сом же ички дүң өнүмдүн 23.6%ын түзөт.

Эксперттер болсо, көмүскө экономика 24-43% экенин белгилешет. Өкмөт муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын натыйжа бербегендиги деп түшүндүргөн. Ошондой эле эксперттер жана бизнес чөйрө аталган кызмат алардын ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишип келгенин айтып келишкени жазылган. Ошол себептенби же ыӊгайсыз органга айландыбы, айтор, расмий Финансы полициясы ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калган деген жүйө менен аталган кызматты жоюу  чечим кабыл алынганы белгиленген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2012-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, бул мекеме Экономика жана каржы министрлигине кошулган  болчу. Анткен менен бул кызматтын жаралышы жана жоюлушуна чейинки тарыхы кайра уюштурулду, кайра түзүлдү, аталышы өзгөрдү, ыйгарым укуктары кеӊейтилди, кыскартылды, макамы жаӊырды, эскирди сындуу кыйла өзгөрүүлөрдү көрүп, аты, заты ар кыл 26 жылдык жашоосунда 15 жетекчинин башкаруусунда болуптур. Кантсе да, 2020-жылдын Октябрь революциясынан кийинки жетекчи Сыймык Жапыкеев менен кызык бир турмушу башталгандай болду эле, кайсы бир учурда Феникс кушундай кайра жаралып эле кетпесе, кыскасы, Мариповдун Өкмөтү учурунда кызматтын сапары карыды…

Айтмакчы, Сыймык Жапыкеев кыйла кыйыр ишти каздык, канча бир каражатты мамлекет казынасына кайтардык, кайтарып жатабыз деди эле, аны өзүнчө бир сыдыргыга салып көрөбүз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.