Садыр ЖАПАРОВ: «Бакай бабабыз, Айкөл Манас атабыздан тарта Ак калпакты ыйык тутуп, бийик сактаган»

Садыр ЖАПАРОВ: «Бакай бабабыз, Айкөл Манас атабыздан тарта Ак калпакты ыйык тутуп, бийик сактаган»

Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы салтанаттуу түрдө бүгүн, 5-мартта белгиленмек. Бирок бүгүнкүдөй аба ырайы ага жол бербеди. Бул жагдай боюнча алдын ала кабардар болгон уюштуруучулар майрамдык иш-чараны кечээги күнгө жылдырып, аны жогорку деӊгээлде өткөрүшкөндөрүнө баарыбыз күбө болдук. «Ала-Тоо» аянтына 10 боз үй тигилип, улуттук баш кийимибиз менен катар башка улуттук кийимдерибизди даңазалаган парад болуп өттү. Мындай иш-чараны журналист Элнура Кулуева баштаган топ уюштурду. Элнура айымдын айтымында, иш-чара улуттук баш кийимибизди, дегеле улуттук деген бардык баалуулуктарыбызды аздектөө, улуттук аң -сезимдүүлүккө, улуттук баалуулуктарга сыймыктануу сезимин ойготуу сындуу улуу максаттарды көздөп уюштурулду. Айтмакчы, бул керемет иш-чарада көп жакшы саамалыктар болду: улуттук кийимдердин парады, аталар 40 уруунун эн тамгасы түшүрүлгөн калпактарды кийип чыгышты, иш-чарага манасчылар, акындар, ырчылар, салбуурунчулар жана минист, депутаттарыбыз катышып, сөз сүйлөштү.

Президентибиз Садыр Жапаров да жалпы кыргыз элине өз куттуктоосун жолдоду:

— Урматтуу мекендештер!

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктаймын.
Абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келген. Ата-бабабыз кастарлаган Ак калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары, акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыйуусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин „Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө“ токтому расмий таанылып, аталган токтомду ишке ашыруу үчүн өлкө аймагында ата-бабабыздан мурас калган баш кийимди эли-журтубузга, жаштарыбызга кеңири түшүндүрүү, жайылтуу жана даңазалоо максатында жыл сайын 5-март күнү иш-чаралар уюштурулуп келүүдө. Бакай бабабыз, Айкөл Манас атабыздан тарта Ак калпакты ыйык тутуп, ата-бабаларыбыз улуттук наркын жана ар намысын бийик сактаган.
Кыргыздын кыргыз экенин тааныткан улуттук мурастарыбыздын бири улуттук кийимдерибиз менен катар, баш кийимибиз Ак калпак али да кыргыз баласына жарашып, дүйнө элдеринин алдында сыймыкка бөлөп турат. Канчалаган чет мамлекеттерде, маданий, спорттук иш-чараларда Ак калпагын шаңкайта кийип бараткан мекендештерибизди көргөндө Ала-Тоо көчүп бара жаткандай сезимге бөлөп, башка элдерден айырмалап, көркөмдүк кооздугу жана касиети көрктөп турат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат деп ишенем.
2019 — жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине „Кыргыз элинин эркектердин баш кийими Ак калпакты жасоодогу салттуу ыкмалары жана кийүү маданияты“ деген аталышта катталып, мекендештерибизди сыймыкка бөлөдү. Жыл өткөн сайын улуттук кийимдерибиз кеңири жайылып, ааламды суктандырып, анын ичинде Ак калпактын мааниси тереңдеп бара жаткандыгы кубандырат.
Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан муунга таберик болуп сакталып калды. Ак калпактын жана улуттук кийимдердин баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүбүз абзел.
Андыктан улуттук баш кийимибиз — Ак калпак кыргыз баласынын башынан түшпөсүн. Улуттук кийимдерибиз улуттун улуулугун сактап, элибизден ыйман, пейил, ар намыс кетпесин. Байыркы нарк насилибиз, улуттук көркөм дөөлөттөрүбүз сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта беришине тилектешмин.

Ак калпак майрамынын автору ким?

Ырысбек Жабиров эртең атасына куран окутат

 5-март — Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссер Ырысбек Жабиров 2011-жылы көтөрүп чыккан. Бул демилге Жогорку Кеңеште 2016-жылы 29-мартта парламент токтому менен расмийлештирилип, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.