Рыскелди МОМБЕКОВ: «Эртабылды агам колунан ручкасы, жонунан сумкасы түшпөгөн дыйкан журналист эле…»

Рыскелди МОМБЕКОВ: «Эртабылды агам колунан ручкасы, жонунан сумкасы түшпөгөн дыйкан журналист эле…»
Белгилүү журналист, акын Эртабылды Аттокуров кечээ, 6-мартта, каза болду. Маркумдун сөөгү эртеӊ, 8-мартта, туулуп-өскөн кичи мекени  Талас облусунун Талас районундагы Талды-Булак айылына коюлат.
 Эртабылды агабыз «Алиби», «Ачык саясат», «Форум», «Фабула», «Эл сөзү» ж.б. басылмаларда баяндамачы, акыркы жылдары «Кыргыз Тили» гезитинде редактор болуп эмгектенип, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, коомдук, социалдык, сот, адам укугу тууралуу макалаларды жазып келген.

«Эртабылды агам эч нерседен эринбеген, сөзгө терикпеген эрки күчтүү, көп сырдуу, көп кырдуу инсан эле...«

Эртабылды Аттокуров менен бир кезде калемдеш болуп чогуу иштеген депутат Рыскелди Момбеков «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Белгилүү журналист, акын жана котормочу Эртабылды Аттокуровдун дүйнө салганы, жан дүйнөмдү дүрбөтүп көп ойлорду эске салды. Ооба, Эртабылды агам менен көп жылдар бою бирге иштештим. Эки сөз менен айтканда, колунан ручкасы, жонунан сумкасы түшпөгөн дыйкан журналист эле. Эч нерседен эринбеген, эч бир сөзгө терикпеген эрки күчтүү, көп сырдуу, көп кырдуу инсан эле. Кээде кекечтенип сүйлөгөнү менен, кекетип сүйлөгөндү билчү эмес эле. Жарыктык, чыгарма жазгандан, чындыкты казгандан такыр тажачу эмес. Гезиттин эки-үч бетин өзү эле толтуруп койбостон, кееде корректор да боло коюп, жаш журналисттердин каталарын да оңдоп чыгар эле. Орусча жакшы материалдар келип калса, » ии ушуну мага берчи, мен үйдөн которуп келейин» деп, адатынча жылмайып жылып кетер эле. Айрым адамдар азыр балалык чагын, басып өткөн өмүрүн көркөмдөп жазып, жазуучу боло калып жатпайбы китеп чыгарып. Эртабылды аганын «Алиби», «Ачык саясат», «Эл сөзү», «Форум», «Фабула» жана «Кыргыз Тили» гезиттерине жазган макала, маектерин чогултуп китепке салса, бер жагы эки томдук толчудай. Баратбай Аракеев, Бабырбек Жээнбеков, Анатай Өмүрканов жана Эртабылды Аттокуров, менин чоң саясаттагы алгачкы мектебимдин агайлары болгонун айтканда не….Мындан аз күн мурун уулу Элдарга кезигип көпкө сүйлөшүп отурдук эле. Ошондо айтты эле, «Атам өзү жазган китебин сизге белекке берем деп жүрүп жетишпей калды, инсульт алып жатып калды» деп. Жалган дүйнөнүн жалгыз чындыгы ушул экен, анын аты — өлүм экен. Эртабылды аганын калган жашын уул- кыздары, неберелери жашасын, эми экинчи өмүрү болуп калтырган чыгармалары жашасын. Кош агам, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!»

Эртабылды АТТОКУРОВ: «Сенден мага жетпеген бир ысык дем«

Эртабылды агабыз небере жыттап келатканда ден соолугунан (инсульт) жабыркап, дүйнө салды. Артында Элдар, Эрмек аттуу уулдары, кызы Жылдыз, неберелери калды. Поэзия дүйнөсүндө өз чыйырын издеп, атасындай ыр жазып жүргөн уулу Элдардын айтымында, атасынын «Мурасым бар » аттуу соӊку китеби 2019-жылы жарык көргөн экен. Агайдын ал китебин Эсенбай Нурушевге, Карбалас Бакировго, Шайлообек Дуйшеевге, Рыскелди Момбековго, Абдыкадыр Султанбаевге өз колум берем деген ниет-тилеги болгон экен, бирок  жетишпей калыптыр… 

Ошол таберик «Мурасым бар» аттуу китебинен бул ырларды берип коёлу деп чечтик. Эртабылды ага, Алла таалам ырайымына алсын, жайыӊыз бейиштик болсун. Кийинки өмүрүӊүз неберелериӊизде, кыз-уулдарыӊызда, ушул ыр саптарыӊызда уланат… 

 Жетпеген бир ысык дем
Жалгыздыкка жаным чыдап көнгөнүм жок,
Жабыркаттың…
Көпкө күттүм келгениң жок,
Жаным кейип, жан дүйнөм жакырланды,
Жалгыздыктан а бирок өлгөнүм жок.
Көөдөнүмдө бөксөрбөс толгон муңум,
Кимге айталам?
Чечилип ички сырым.
Өкүнүчкө оорутуп жүрөгүмдү
Шек билдирбей жүрөмүн бузбай сыным.
Чеги болот чыдоонун — бошоду эрким,
Өчүрүүчү бир өзүң жүрөк өртүн,
Сезимге орноп калса муздак ызгаар,
Үшүк уруп кетерин түшүнөрсүң.
Көңүлүм — күз, көздө — муң, бошоң — денем,
Ызгаары жалгыз сага сезилбеген,
Илдетимден арылтуучу дабагери —
Сенден мага жетпеген бир ысык дем.
Күтөм жаздын жамгырын
Тереземди тырс-тырс чертип акырын,
Мезгил менин уурдап кеткен жаштыгым.
Ажар ачкан сулуулуктун дүйнөсү,
Күтүп келем жаздын жумшак жамгырын.
Мен отурсам терең ойго чөмүлүп,
Сүрөтүңдү тартып өттү чагылган.
Булут минип кеттиң менден алыстап,
Элес калды каным менен агылган.
Көңүлүмдү бийлеп алган кызганыч,
Башкаларга ыраа көрбөй үшкүрөм.
Кимдир бирөө күмөн койгон сыяктуу,
Өзүмчө эле кыйналам да, түйшөлөм.
Боз кыроодой бубак басып чачымды,
Өмүрүмө кирип келди да бир күз.
Учурунда мен да өзүңдөй жаш элем,
Мээрим төгүп күлүп койчу сулуу кыз.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына жана ата жолун улаган уулу, КРнын Өкмөтүнүн аппараттынын жетекчисинин орун басары Элдар Аттокуровго терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.