ВИДЕО — «Дилгир» бий ансамбли айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, бий тартуулайт!

ВИДЕО — «Дилгир» бий ансамбли айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, бий тартуулайт!

«Дилгир» бий ансамблинин жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайт:

  • — Ардактуу апалар жана айымдар!

Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен өзүмдүн жана «Дилгир» бий ансамблинин атынан куттуктайм! Үйдүн куту апаларыбызга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылабыз, талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, майрамы менен куттуктайбыз! Сиздер бар үчүн адамзат бар! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!

«Дилгир» бий ансамблиндеги бийчи кыздарыбыз ар дайым бий менен сиздерге кубаныч, сүйүнүч тартуулай берет! Дагы бир ирет керемет жаз майрамыӊыздар менен, урматтуу азылзат айымдар!

«Дилгирге» — 20 жыл

Биз да өз кезегинде «Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамблинин жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевнаны жана «Дилгирдин» кыймылдаткыч «мотору», Гүлжамал эженин оӊ колу Абдрасулова Чынарды бүгүнкү 8-март жаз майрамы менен куттуктайбыз. Сиздерге да бардык жакшылыктарды каалайбыз. Ар дайым ден соолукта болуп, маданияттын көркү болгон бий жаатында бийчи кыздарыӊыздар менен көптөгөн ийгиликтерди жарата беришиӊиздерге тилектешпиз!

Айтмакчы, «Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамбли быйыл май айында 20 жашка чыгат. Бул бий тобун негиздеген — Игорь Моисеев атындагы Мамлекеттик академиялык элдик бийлер мектеп-студиясынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, билим берүүнүн мыктысы Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, мыкты бийчилерди чыгарды жана чыгарып келе жатат. Бул жерге 3 жашынан келген бөбөктөр 16 жашка чейин ушул топто бийлеп, ырдап, бүтүргөндө «бий инструктору, хореограф» деген сертификат алып чыгышат. Бул сертификат аларга кийин башка жерлерде бий  үйрөткөнгө жолдомо жана мүмкүнчүлүктү берет.

Урматтуу, «Дилгир» үлгүлүү элдик бий ансамбли, 20 жылдык мааракеӊер куттуу болсун! 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.