ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев айымдарды куттуктаса, жубайы Айгүл Текебаева ырдап…

ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев айымдарды куттуктаса, жубайы Айгүл Текебаева ырдап…
8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен кыргызстандык айымдарды  “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев куттуктады:
Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эзелтен элибиз аялзатына өзгөчө сый мамиле жасап келген. Аялзаты турмуштун бардык катмарында маанилүү орунду ээлейт. Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору. Андыктан, аялзаты үй-бүлөдө эле эмес, коомдо да татыктуу ордун ээлеш керек.
Аялзат – улут уңгусун сактаган мээримдүү эне, жароокер жар жана камкор эже-карындаш. Аялдар – ар бир үйдүн куту, өмүр булагы, жашоо чырагы.
Ардактуу апалар, эже-карындаштар!
Сиздер менен дүйнө көрктүү, жашоо кызыктуу. Сиздердин назиктигиңиздер, аруулугуңуздар, баарынан кымбат аялдык мээримиңиздер дүйнөнү жарык нурга бөлөп турат.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр, бакыт каалайм!
Майрамыңыздар куттуу болсун!

Айгүл ТЕКЕБАЕВА: «Жолугушабыз…»

Өмүрбек Чиркешовичтин жубайы Айгүл Текебаеванын 6-мартта Ай-Данек менен Максаттын үйлөнүү тоюнда ырдаганы социалдык тармактарга тарап жатат. Абдан жакшы ырдаптыр. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот!
Өмүрбек Текебаев менен Айгүл Текебаева тун кызы Ай-Данекти былтыр ноябрда турмушка узатышкан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.