ВИДЕО — «Шумкардын» жигиттери асыл апаларды, эжелерди майрамы менен куттукташты

ВИДЕО — «Шумкардын» жигиттери асыл апаларды, эжелерди майрамы менен куттукташты

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун мырзалары алардай азаматтарды бул жарыкка алып келген асылзат, мээрман апаларды жана ападан кийинки жароокер эжелерди, айымдарды келе жаткан майрамы менен куттукташты.

«Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда, сиздерге бакыт- таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!» деген каалоо-тилектер менен коштоп кучак-кучак гүлдөрдү тартуулашты.

«Алакан» сайты  өзгөчө кызматтагы тартип, коопсуздук сакчыларынын куттуктоолоруна кошулат. Бар болуӊуздар, асылзат аялзаты! Жадыраган жаз айындагы майрамыӊыздар кут болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.