Мелис АЙДАРКУЛОВ: «Эртабылды акенин жаз жөнүндө керемет сабын окуп,  талантына таң бердим эле»

Мелис АЙДАРКУЛОВ: «Эртабылды акенин жаз жөнүндө керемет сабын окуп,  талантына таң бердим эле»

Эсен болуп, эстей жүр!

Белгилүү журналист, акын Эртабылды Аттокуров бүгүн, 8-мартта, акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн кичи мекени Талас районундагы Талды-Булак айылына коюлду.

Белгилүү коомдук ишмер Мелис Айдаркулов «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:

«Эртабылды аке, менден 4-5 жаш улуу эле. Ал кишинин жөндөмдүү журналист жана таасын акындыгы жөнүндө көптөн бери билчүмүн. Бирок мындан 8-9 жыл мурда Интернеттен Эртабылды акенин жаз жөнүндө ырынан төмөндөгүдөй бир керемет сапты окуп, анын талантына таң бердим эле. Ошол бир сап бир окуганда эле жадымда жатталып калыптыр:

«Боз кыроодой бубак басып чачымды,

Бачым эле кирип келди да бир күз.

Учурунда мен да өзүңдөй жаш элем,

Ууртуңдан жылмайып кой, сулуу кыз…»

Кабыргам кайышып турат… Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Эртабылды аке! Элдар иним, кайрат кыл, атаңдын арты кайырлуу болсун!«.

Чыгаан журналист, акын агабыздын өмүр сапарынан бир баян… 

Аттокуров Эртабылды Туткучович 1951-жылдын 21-майында Талас облусундагы Талас районуна караштуу Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

1958-1968-ж.ж. Бакай-Таш орто мектебинде билим алган.

1968-жылы КМУУнун физика-математика факультетине тапшырып, студент болуп окуп жатканда, 3-курста (1971-жылы) Кызыл Армияга чакырылган. 1973-жылга чейин Украина ССРинин аймагындагы абадан коргонуу бөлүгүндөгү «радист-зенитчик» катарында кызмат өтөгөн.

1974-1980-ж.ж.  КМУУнун журналистика факультетинде окуган.

1980-жылы жаӊы түптөлгөн Талас облустук радио комитетте корресподент.

1983-1984-ж.ж. Талас облусунун Токтогул районунда өз кабарчы.

1984-1988—ж.ж. Кара-Көл шаарындагы №4 мектепте мугалим.

1988-1991-ж. ж. Чаткал районунда «Чаткал оттору» гезитинде жооптуу редактор.

1991-2004-ж.ж. Талас районундагы Орто-Арык жана Долоно-Абдылдабек Эсенбеков атындагы орто мектебинде мугалим.

2004-2006-ж.ж. Бишкек шаарында №49 мектепте жана Сокулук районунун Чоӊ-Жар орто мектептеринде мугалим. Ошол эле жылдары оппозициялык гезиттер менен сырттан кызматташкан.

2006-2013ж.ж. «Алиби», «Ачык саясат», «Форум», «Фабула», «Эл сөзү» гезиттеринде баяндамачы.

2013-2014-ж.ж. Мамлекеттик тил комиссиясына караштуу «Кыргыз тили» гезитинде башкы редактор. «Доор», «13-квартал» коомдук-саясий гезиттерин чыгарып келген. Проза, поэзия жаатында топтолгон эмгектери («Мурасым бар» жыйнагы, 2019-жыл) жарык көргөн.

Чыгаан журналист 21-майда 70 жашка толмок. Тилекке каршы, ден соолугунан жабыркап, инсульт алып, 6-мартта дүйнө салды. Маркумдун артында жубайы, уулдары Элдар, Эрмек, кызы Жылдыз калды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун жубайына, бир туугандарына, жакындарына жана ата жолун улаган уулу, КРнын Өкмөтүнүн аппараттынын жетекчисинин орун басары Элдар Аттокуровго терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.