Президенттин куттуктоосу. 8-марттын тарыхы. Бул күнү төрөлгөн атактуулар…

Президенттин куттуктоосу. 8-марттын тарыхы. Бул күнү төрөлгөн атактуулар…
Президент Садыр Жапаров 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен айымдарды куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолуп, маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто жана башка тармактарда эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдардын калыӊ катары өсүп чыккандыгын кошумчалады.
«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. „Манас“ эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Бүгүн айымдар ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, кайдыгер болбой демилге көтөрүп, өлкөбүздөгү реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө. Биз сиздерди баалайбыз, сиздер менен сыймыктанабыз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден-соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!»», — деди Садыр Жапаров.

8-марттын тарыхы…

Америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908жылы, 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгып, аялдардын күнүн белгилеп, абалын теңдөөнү талап кылышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы, февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Анын негизги максаты — ушул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.

Алгач Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген, кийин 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес. Аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.

Ал эми Кыргызстанда 8-март кызыл менен белгиленген, майрам эки-үч күн мурда башталат. Ар кайсы аймактарында концерт, флешмоб, ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктап, белектерин беришет.

Бул күнү кайсы атактуулар төрөлгөн?

Бул күнү биздин сыймыктанган, сыйлаган адамдар жарыкка келген. Алсак, алгачкы кино актриса, биринчи стенографист Айша Карасаева, акын Сулайман Маймылов,  төкмө акын, обончу, ырчы, КРнын эл артисти Ашыралы Айталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова жана ырчы Тынай Алыбаев туулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.