ВИДЕО — Жыргалбек Касаболотов агабыз айымдарга тамаша жазып, мыкты котормосун жарыялады…

ВИДЕО — Жыргалбек Касаболотов агабыз айымдарга тамаша жазып, мыкты котормосун жарыялады…
Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов Айымдардын майрамын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу куттуктады. «Майрамыңар менен, аялзаты! Өмүрүңөр узун, ден соолугуңар бекем, маанайыңар жарык, бактыңар тоодой болсун. Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы дейт, так ушул күнү тилим кычышып кетти…» деп тамаша ырын жайгаштырды.

Аял жана арзуу

(Тамаша)
Аял заты кызык келет илгертен —
Арзуу үчүн көздүн жашын төгүшөт.
Антсе дагы турмуштагы эркектен
Ашыктыктын өзүн жакшы көрүшөт.
Ал анткени арзуу — бийик, татына,
Ал эч качан таарынбайт да, тилдебейт.
Эртели-кеч кара жумуш кылса да
Эркекке окшоп үстү-башы кирдебейт.
Арзуу сонун, арзуу деген керемет
Аялдар да аны айтпаса күнү өтпөйт.
Колтугунда уктап калса жарашат,
Коңуругу эркектердей жүдөтпөйт.
Арзуу жакшы, ары бейпил, жанга тынч
Акын кыздар күнү-түнү ыр жазат.
Сүрөттөгү бети-башы көгөрбөй,
Сүйгөнү үчүн жеңгичекти мушташат.
Арзуу дайым күттүрөт да, кечигет,
Ал эч качан оорубайт да, сыктабайт.
Кежирленсең кепке тартып кечирет,
«Керек кезде» сулк жыгылып уктабайт.
Арзуу камкор, арзуу гана татыктуу.
Ал тууралуу аңыз кептер кошулат.
Илгерки бир ресторандан башталып
Индиянын киносундай созулат.
Арзуу сылык, арзуу деген сыпайы.
Айыгышкан согушта да сөгүнбөйт.
Кумарланса кулак моокун кандырат,
Кучактаса курсак-башы көрүнбөйт.
Арзуу чебер, арзуу кызык кинодой,
Ал эч качан олдоксон иш жасабайт.
Андай арзуу — мас кылбаган винодой.
Ал анткени… бул дүйнөдө жашабайт.
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Түрктөрдү бириктирген «Арстан жигиттин» кыргызчасы

Мыкты котормочу агабыз мындан эки күн мурун, 6-мартта түрк ырын кыргызчага которуп, «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, мындай деп жазган: «Бул ырды түрк акыны Бедри Рахми Эюбоглу түрмөдө отурган акын досу Назым Хикметке арнап жазган экен. Аны айтып келген демократ журналист Угур Мумжу киши колдуу болгондо ушул ыр мүрзө башында ырдалган дешет. Зүлфү Ливанелинин керемет обону менен кошулуп элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон бул ырдын котормосун окурмандын сынына сунуш кылам. Аз айып, көп күнөөм болсо кечирерсиңер«.

Арстан жигит

Ушул жактын ийри-буйру жолдору…
Дарттан кургап, камтылбаган колдору.
Тула бою — ырдан бүткөн ойлору,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Бүгүн гүлдөр бүр ачпасын назданып,
Муңдуу кабар апкелишти жазганып.
Темир төшөп, кара ташты жазданып,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Арам жебей, жанын кыйбай башканын,
Нандай таза, суудай тунук жаш жаны,
Эч ким билбес өкүм күчүн аткарып,
Мында жатат жигит пири арстаным.
Мүрзө аралап ким көрүптүр кырманын?
13 жылдык камак соргон дарманын.
Өлүм мени тандаса жок арманым.
Мында жатат жигит пири арстаным.
Бедри Рахми Эюбоглу.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
Yiğidim aslanım
Şu sılanın ufak tefek yolları
Ağrıdan sızıdan tutmaz elleri
Tepeden tırnağa şiir dilleri
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Bugün efkarlıyım açmasın güller
Yiğidimden kara haber verdiler
Demirden döşeği taştan sedirler
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Ne bir haram yedi ne cana kıydı
Ekmek kadar temiz su gibi aydın
Hiç kimse duymadan hükümler giydi
Yiğidim aslanım burda yatıyor
Mezar arasında harman olur mu
On üç yıl mahpusta derman kalır mı
Azrail’e sorsam canım alır mı
Yiğidim aslanım burda yatıyor.
Ырды бу жердеги ВИДЕОдон угуӊуздар.
Эки күндөн бери интернет булактарындагы окурмандар мыкты которулганын баса белгилеп, агабызды алкап жатышат. А чынында мактоого татырлык, мыкты которулуптур. Бар болуӊуз, Жыргалбек ага!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.