Ак үй алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана парламенттин таркашын талап кылган митинг болот

Ак үй алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана парламенттин таркашын талап кылган митинг болот

«Замандаш» партиясынын мурдагы жетекчиси, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов бүгүн, 9-мартта, Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган митинг болоорун “Азаттыкка» билдириптир.

Анда ал: «Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окууда кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, 80 депутат демилгелеген Конституциянын долбоору 17-ноябрда парламенттин сайтына жарыяланган. Ал Баш мыйзамдын долбооруна 67 өзгөртүү киргизилген. Ал эми февралда жаңы редакция жарыяланды. Ал жаңыдан демилгелениши керек эле. Андай болгон жок. Жогорку Кеңеш ага көз жуумп, каалаганын кылууда. Аларды президент, өкмөт колдоп, бардыгы кылмыш жолуна — бийликти узурпациялоого баратышат«, — деген пикирин билдирген.

Ошондой эле ал митингде азыркы парламент тарашын, президент тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындап жана жаңы келген парламент Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулап, эл тандоосун талап кылышарын кошумчалаган.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Вы никто!»

Эске сала кетсек, былтыр, октябрь окуялардан кийин бийлик алмашып, абактагы бир топ саясатчылар бошотулган. Арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач парламенттин колдоосу менен премьер-министр болгон. Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматтан кеткенден кийин президенттин милдетин аткарып калган. Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин (17-ноябрда) парламенттин сайтында (Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн (файл) документтин автору — президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары  Бектур Зулпиев экени айтылган) Конституциянын жаңы долбоору жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон. Муну Зулпиев да катуу белгилеген. Анын мындай жообуна ачууланган депутат Өмүрбек Текебаев «Конституцияны каалагандай калчагандай, аны жашыруун даярдагандай, элди алдагандай силер кимсиңер? Орусча айтканда, «Вы никто!» деген. Андагы кызуу талкууну толугу менен төмөндөгү Видеодон көрүңүз!

Табылды АКЕРОВ: «Мен бул парламентке ишенбейм!»

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатта Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар эки ай талкуулап. 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарыяланган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады. Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

Бул Баш мыйзамдын жаңы долбооруна бир топ саясатчылар, коомчулук каршы чыгууда, «Конституция эмес эле, Ханституция» дешүүдө… Коомдук ишмер Табылды Акеров: «Мен бул парламентке ишенбейм! Бул парламент эки президенттин башын жуткан!», — деп билдирген.

Адахан МАДУМАРОВ: «Накта хандык системага барабыз»

Садыр Жапаров «Эл президенттик башкарууну тандады»десе, Мадумаров «Накта хандык системага барабыз»,-деген эле…

Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуз.

Жаңы долбоордун автору атыккан Бектур Зулпиев ким экенин жана оңдолуп-түздөлгөн Баш мыйзамда эмнелер жазылганын билгиӊиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз!

Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салды эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.