«Хюман Райтс Уотч» Конституцияны кийинки парламент талкуулашы керек деп эсептейт

«Хюман Райтс Уотч» Конституцияны кийинки парламент талкуулашы керек деп эсептейт

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» (Human Rights Watch) укук коргоо уюму Кыргызстандын Конституциясын кийинки парламент талкуулашы керек деп эсептейт. Алардын пикиринде, Кыргыз парламентинин азыркы убактылуу курамы Баш мыйзамдын долбоорун кароону 7-чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейин токтото турушу керек. Анткени конституциялык реформанын алкагында кеңешүү-акылдашуу кең-кесири жүрүп, демилгечилер бардык тараптардын ар бир айтылган пикир-сунуштарын эске алышы зарыл. Ошондой эле алар Кыргызстандын Жогорку Кеңешине киргизилген Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору адам укуктарынын нормаларын алсыратып, бийликтин өз ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышына бөгөт коюучу тең салмагын буза тургандыгын баса белгилеген. “Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Евробиримдик, анын айрым мүчөлөрү, АКШ жана Улуу Британия жаңы баш мыйзамды кабыл алууну улуттук жана эл аралык нормаларды сактоо менен жүргүзүүсү үчүн Кыргызстандын өкмөтүн Конституциянын долбоорун Венеция комиссиясына берүүгө чакырышы керек”, — деген Human Rights Watch.

Эске сала кетсек, Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Президент эмне дейт?

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда. Конституциялык реформанын жактоочулары айтылган сындарга макул эмес. Ал эми президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталаарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалаарын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болоорун билдирген.

Ушул тапта, Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өтүүдө… Тынчтык митингин «Замандаш» партиясынын мурдагы жетекчиси, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов уюштурган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.