АКАЕВ: «Башкы документти ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот»

АКАЕВ: «Башкы документти ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот»

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында алгач «Ата-Мекен» фракциясынын тизмеси менен ( Искендер Гайпкуловдун ордуна) депутат болуп келген Атазов Шайлообек Карыбекович ант берди.

Жыйында Конституциянын жаңы долбоору тууралуу депутаттар арасында талаш жаралды. Ага 80 депутат кол коюп бергени тууралуу күмөн жаралып жатканын депутат Жанар Акаев билдирди:

Ошондой эле Жанар Акаев Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентте регламентти одоно бузуу менен каралып жатканын баса белгилеп, кайра добуш берүүгө, биринчи окууга кайтып келиш керектигин айтты. «Эгер регламентти бузуп, өлкөбүздүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин жыйыны болбой туруп бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда бир кароого киргизип жатасыңар? Бул да одоно мыйзам бузуу. Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эң маанилүү учурда баары башын катып жатып алып, үйүнө барып колун койдуруп келип, ушинтип, ууруларча кабыл алабызбы?”,-дейт Ж.Акаев.

Талант МАМЫТОВ: «Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок»

Ал эми спикер Талант Мамытов Жанар Акаевдин мындай сынына кошулбайт, негизсиз деп эсептейт. “Эгер регламент менен карасак, анын талаптарына ылайык… Туура, эгер өзү жок болсо, башка бирөө, Дүйшөн Төрөкулов боюнча маселе бар. Бирок аны алып салганда да, негизи, добуш жетип жатат. Аны эске албаганда, добуш берүү менен маселе кабыл алынып жатат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок”,-дейт спикер.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта парламентте добушка коюлган. Анда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергени белгилүү болгон. Ошондой эле мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутат Максат Сабировдун, көзү өтүп кеткен депутат Алмазбек Акматовдун да колу коюлганы сынга кабылган.

Эске сала кетсек, былтыр, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатта Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар эки ай талкуулап. 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген. Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарыяланган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады. Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берип, 21и катышкан эмес.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.