Алайлыктар жумушсуздук, балдардын жөлөкпулу боюнча кыйынчылыктар бар деди милицияга

Алайлыктар жумушсуздук, балдардын жөлөкпулу боюнча кыйынчылыктар бар деди милицияга

Алай районунун тургундарына милиция кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүздү. Бул тууралуу Ош ОИИБ басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта билдирди.
Алардын айтымында, Алай РИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Мурзалиев, Сопу-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын ага лейтенанты У.Ыдырысов,  участкалык милиция кызматкерлери, жашы жете электер менен иштеген инспекторлор жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Каракол айылында «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өткөрүлдү.

Алар айыл жашоочуларына жолугуп, тургундардын ой-пикир, арыз-даттанууларын угушту. Жашоочулар арзан пайыздагы насыялар, жумушсуздук, турак-жайды документтештирүү жана балдардын жөлөкпулуна документтерди тапшыруу кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышты. Айтылган арыз-муӊдар боюнча арыз-каттар кабыл алынып, тиешелүү органдарга жиберилди. Полковник Мурзалиев айыл жашоочуларын кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздуктуу сактоо, мал уурулуктун алдын алуу, өлкөбүздү тынчсыздандырган коронавирусту жуктуруп албоо боюнча санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.