Кадырбаев бензин кымбаттарын айтса, Рыспаев майдын сыртка ташылышына каршы чыкты

Кадырбаев бензин кымбаттарын айтса, Рыспаев майдын сыртка ташылышына каршы чыкты

Кечээ, 9-мартта, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде депутаттар Кыргызстандагы мунай-газ тармагы жана күйүүчү майга болгон баалар туурасында талкуулашты. Анда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев мунай заттарынын баасы (бензин 10 сомго, дизелдик май 4, 8 сомго чейин) кымбатташы мүмкүндүгүн билдирди. Ошондой эле бензиндин кымбатташын ал мындай деп түшүндүрдү: «Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айында Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордо бир тонна бензин 100-150 долларга көтөрүлдү. Ошондо баа 7ден 10 сомго көтөрүлүшү мүмкүн, ал эми дизелдин бир тоннасы Россиядагы нефть иштетүүчү заводдордо 40-60 долларга чейин кымбатташы күтүлүүдө. Андай учурда баа 3 сомдон 4, 8 сомго чейин өсөт«.

Депутат Бейшеналы Нурдинов: «Эмне үчүн биз күйүүчү-майлоочу майларды Россиядан гана сатып алабыз? Эмнеге  Ирандан, Түркмөнстандан албайбыз?»,- деди эле, ага Өкмөттүн өкүлү жооп берди. Анын айтымында, Россиядан биз күйүүчү-майлоочу майлар арзан баада алынат, алар пошлинасы (тышка алып чыгуучу жана ичке алып кирүүчү товардан алынуучу мамлекеттик салык, алым -ред.) жок берет.

Депутат Абдимухтар Маматовдун пикиринде, дүйнөдө ковид коркунучу төмөндөп, кооптуулук азайгандыгына байланыштуу экономикада өсүш боло баштайт, демек, мунайзат баасы да өсүштө болот. «Экономика өскөн сайын нефти баасы да кымбаттайт. Ошондуктан, биз буга даяр болуп, баанын кымбаттоосуна карата чараларды көрүүгө тийишпиз. Анын бири —  Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык транспортун  газга өткөрүү«, — деди ал сунуш катары.

Депутат Эрмамат Тагаев болсо, өзүбүздүн жергиликтүү ишканаларда 20-25 сомдон өндүрүлгөн бензинди  ортомчу фирмалар 35-45 сомдон сатып жаткандыктан бюджет миллиондогон сомдон куржалак калып жатканын айтса, депутат Кожобек Рыспаев контрабандага каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнү сунуштады.”Күйүүчү-майлоочу майлар өзүбүздө жетишпей жатканда алардын сыртка ташылып кетүүсүнө жол бербеш керек!”, — деди ал.

Жыйын соңунда, аталган комитет мунай-газдын абалы, күйүүчү майлардын баасы жөнүндөгү маалыматтар эске алынсын деген чечимге келип, Өкмөткө бир топ сунуштарды беришти.

Анткен менен, өткөн жылдары Өкмөт өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасын этап менен (акырындык менен) төмөндөтүү тажрыйбасына салды эле, өсүү ылдамдыгы өткөн жылдагыдан кыйла тездеген учурдагы кырдаалда иш-аракети кандай болору же болуп жатканы алигиче бүдөмүк…

Маалымат үчүн, АИ-92  маркасындагы бензиндин учурдагы баасы орточо эсеп менен 42.6 сомду түздү. Өткөн жылы ушул мезгилде бензинге болгон баа салыштырмалуу 11.5%, дизелдик отундуку 7.2%га жогорулап, 40.8 сомду түзгөн. Бул Улуттук статистика комитетибиздин учурдагы маалыматы.

Айтымында, эң кымбат бензин Баткенде (бир литрине болгон баа 47.1 сом), Исфанада (47 сом), Кербенде (44.3 сом), Ноокатта (43.8 сом), Ошто (43.4  сом), Кара-Сууда (43.2 сом), Өзгөндө (42.9 сом), Жалал-Абадда (43 сом), ал эми салыштырмалуу ылдыйраак баада Кара-Балтада (40.8 сом), Покровка айылында (40.9 сом) жана Нарында (41 сом) сатылууда дешет.

Дизелдик отун баасы Баткенде (бир литрине болгон баа 46.1 сом), Исфанада (44.9 сом), Ноокатта (42.9 сом), Ошто (41.2 сом), Кара-Сууда (41.2 сом), Кербенде (41 сом), салыштырмалуу ылдыйраак баада Нарында (38.4 сом), Балыкчыда (38.6 сом), Чаек жана Покровка айылдарында (39.50 сом) сатылып жатыптыр.

Дизелдик отунга болгон баанын максималдуу өсүүсү Кара-Балтада (12.8%), Баткенде (12.5%), Покровка айылында (1.3%) катталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.