Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда үч жолу соттолгон алдамчы кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда үч жолу соттолгон алдамчы кармалды

Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факт боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-мартта, билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып материалдык зыян келтирген адамга тиешелүү чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтканы боюнча, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, алгач 100 миң сом, аз убакыт өткөн соӊ дагы 5 миң сом алып, ошондон кийин жолугушуудан качып, изин жашырып кеткен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, ушул жылдын март айында Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын 1983-жылы туулган жашоочусу  М.З. кармалган. Ал мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Учурда иликтөө жүрүп жатат дешти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.