Чүй облусунун жетекчилиги алмашты. Мияровдун ордуна Тентишев келди. Ал ким?

Чүй облусунун жетекчилиги алмашты. Мияровдун ордуна Тентишев келди. Ал ким?

Айбек ЖУНУШАЛИЕВ: «Жетекчи алмашты, бирок коюлган талаптар калат, ал баарыбызга бир…»

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эркин Тентишев дайындалды. Тиешелүү буйрукка 10-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол коюп, дагы бир буйругу менен өкмөттүн мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотту. Чүй дубанынын жаӊы жетекчисин 10-мартта эмгек жамаатына КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев  тааныштырды.

Айбек Жанышбекович жетекчилердин алмашышы учурда жүрүп жаткан мамлекеттик кадрдык саясат экенин белгилеп, Мирбек Мияров саясий абал оор кезде ишин татыктуу алып барганын айта кетти:

-…Мирбек Ибаратович оор мезгилде иш алып барды. Кандай болбосун, бүгүнкү күндө көптөгөн иш-чаралар белгиленип, аткарылганы да бар, алдыга койгон иш-максаттар да бар, анын баары ишке ашырылышы керек. Анын баарын алып баруучу кишилер, мына бул жакта отурган команда. Жетекчи алмашты, бирок, коюлган талаптар калат, ал баарыбызга бир. Биз ишти алып барышыбыз керек. Ошондуктан, бүгүнкү күндө, уруксат берсеӊиздер, кабыл алынган Өкмөттүн чечимдери менен силерди тааныштырып кетейин. Дагы бир жолу кайталап кетейин, бул кадрдык саясат, бүгүнкү күндө жүрүп жаткан мамлекеттик кадрдык саясат. Ошондуктан ар бир маселени туура кабыл алып, чечимдерди туура кабыл алалы…

Мирбек МИЯРОВ: «Эркин Сатымбаевичтин тажрыйбасы чоӊ, баарын ишке ашырат деп ишенем»

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары беш ай иш алып барган Мирбек Мияров өз сөзүндө жаңы жетекчиге ийгилик каалап, бардык тажрыйбасын жаштар менен иштешүүгө, алар максат кылган, баштап койгон долбоорлордун аягына чейин чыгарууга чакырып өттү.

Кичине болсо дагы акимдер, айыл өкмөт башчылары менен биргеликте бир команда болуп иштеп, бир нече иш-чараларды өткөрдүк. Кыйын кырдаалдарда, революциядан кийин келип иштедик. Сиздерге чоӊ ырахмат, Чүй облусун кичине бир стабилдештирүү үчүн чогуу иш-чараларды жүргүзүп, чоӊ бир күч, бир команда, бир үй-бүлө болуп ынтымакта иштешип калдык. Жакшы иштер башталып, көптөгөн долбоорлор пландалган болчу, бир топ бүтпөгөн долбоорлор бар эле. Эркин Сатымбаевич, башталган иштерди ишке ашырып, түзүлгөн команда менен, айрыкча демилгелүү жаштар менен иш алып барат деп ишенем. Сизди меценат катары көп иштерге аралашып жүргөнүӊүздү билем. Биздин Аппараттын көпчүлүгү жаштардан турат, ушул команда менен, алдыда чоӊ-чоӊ долбоорлорду, жаштардын ойлорун, тилектерин ишке ашырат деп ишенем. Чоӊ тажрыйбаӊыз менен жаштарды туура жол, туура багытта, ынтымактуу бир команда болуп иштерди алып кетесиз деп ишенем. Албетте, Чүй элине кайрылып кетмекчимин, бир орунда отурбайбыз, башка кызматка которулганыма байланыштуу кетип жатам. Эч кандай провокацияга алдырбай, ынтымактуу бололу. Элибизге тынчтык керек, ынтымак керек…

Ой, ким бул, ой!

Анда эмесе, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган Эркин Тентишев менен жакындан тааныша кетели!

Эркин Сатымбаевич Тентишев 1962-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Жашы 58де. Үч жогорку билимдин ээси.

Билими:

· 1979-1986-ж.ж. — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айыл чарба институтунда окуган;

· 1996-2000-ж.ж. — Кыргызстандын Эл аралык университети;

· 2000-200-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

· 1986-1999-ж.ж. — Кемин районуна караштуу Ильич атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси. Селекциялык-көзөмөл гурт фермасынын башчысынын милдетин аткаруучу.

· 1990-1991-ж.ж. — башкы зоотехник, Кемин районунун «Быстровка ПЕС» айыл чарба ишканасынын директору;

· 1993-ж. — «Аида» туристтик фирмасынын уюштуруучусу (Бишкек шаары);

· 1998-2001-ж.ж. — КРдин Пакистан Ислам Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

· 2001-2004-ж.ж. — Кыргыз Республикасынын Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башкы консулу жана жетекчиси;

· 2004-2005-ж.ж. — КРдин ТИМдин алдындагы иммиграциялык фондунун директору;

· 2004-ж. — Э.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү;

Сыйлыктары:

· «7-Апрель баатыры» медалы;

· КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлеринин медалы;

· Чүй облусунун «Сары-Өзөн” коомдук бирикмесинин «Кеменгер» ардак белгиси (бул сыйлык облус элинин биримдигин чыңдоого, руханий потенциалын арттырууга жана коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук сыяктуу талыкпас эмгек кылган адамдарга тапшырылып келет);

· Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ардак грамотасы; Чүй облустук мамлекеттик админстрациясынын Ардак грамотасы; Чүй облусунун жаштар саясаты жана туризмди өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын Ардак грамотасы; Туз айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы; Тамчы айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы; Логвиненко айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

· Билим берүү жаатындагы талыкпаган эмгеги жана студенттердин кесиптик ишмердүүлүгүндө мыкты билимге жетишкендиги, ошондой эле алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө түрткү бергендиги үчүн 2018-жылдын 31-декабрында «Чүй баяны» гезити (№37(985)) «Жылдын адамы» деп тапкан.

· Кесиптик билим берүү жана квалификациялык медициналык адистерди даярдоо жана өлкөнүн бюджетин толтуруу жаатындагы атайын кызматтары үчүн КР президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2018-жылдын 31-декабрында «Даңк» медалы менен сыйланган.

· Кесиптик билим берүү жана квалификациялуу медициналык адистерди даярдоо жаатындагы өзгөчө эмгеги үчүн ага 2020-жылдын 22-февралда С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

· Ошондой эле, 2020-жылы «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» наамын алып, пандемия учурунда Чүй облусунун элине жардам көрсөткөндүгү үчүн райондордогу жер-жерлерден ыраазычылык каттар, грамоталар жана алкыш каттар менен сыйланган.

 ҮZҮM- маалымат:

Эркин Тентишев кайрымдуулук жана камкордук иштерин көп кылган меценат катары жыл сайын

· аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө;

· Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана балдар үйлөрүнө тынымсыз жардам көрсөтүп;

· Көк бөрү боюнча жаш оюнчуларды, дегеле улуттук спорт оюндарды жигердүү колдоп келет;

· өз тили кыргыз тилин мыкты билет, орус тилинде да, англис тилинде да мыкты сүйлөйт.

· спорт менен тынымсыз машыгат жана бардык жарандарды сергек жашоого чакырат;

· дайыма китеп окуу – илгертен карманып келаткан жакшы адаттарынын бири.

Кошумча маалымат үчүн

Бир уруунун ынтымагына данакер болуп, «Солто» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп келаткан Эркин Тентишев эми облус башчысы катары Чүй дубанын жердеген 80ден ашык улут өкүлдөрүнүн ынтымагына данакер болмокчу. Айтмакчы, Сары-Өзөн-Чүй чөлкөмүндө 8 район: Панфилов району, Жайыл району, Москва району, Сокулук району, Аламүдүн району, Чүй району, Ысык-Ата району жана Кемин району жайгашкан. Андан сырткары Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков шаарлары, 6 шаарча, райондор ичинде 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар. Жалпы аймагы — 20,2 миӊ чарчы км. Калкынын саны 758,2 миӊ адамды түзөт.

Дагы айта кетчү нерсе, биздеги маалыматтар боюнча, Мирбек Мияровдун жетекчилиги учурунда 2021-жылга карата: Кара-Балта шаардык мэриясынын 2 долбоору, Токмок шаарынын 2 долбоору, Кемин шаарынын 1 долбоору, Шопоков шаарынын 2 долбоору ишке ашырууга кабыл алынып, 50 айыл өкмөтү даярдап келген 105 долбоордун ичинен 87 долбоор жактырылган. Ал долбоорлор боюнча ооруканалар оӊдоп-түзөлүп, таза суу, бала бакча, жарыктандыруу, жол оңдоо, чатыр алмаштыруу, атайын техника алуу сындуу жергиликтүү башка көйгөйлөр чечилмек. Дубанды жетектөөнүн эки тизгин, бир чылбырын колго алган Эркин Тентишев чоӊ тажрыйбасына салса, аталган долбоорлор ойдогудай ишке ашат деген ишеничтебиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.