12 жаштагы кыз менен никеге турган 46 жаштагы киши үч жылга соттолду

12 жаштагы кыз менен никеге турган 46 жаштагы киши үч жылга соттолду

Душанбенин Сино райондук соту 12 жаштагы кыз менен нике кыйган 46 жаштагы Давлатманд Касиров аттуу жергиликтүү тургунду үч жылга эркинен ажыратты.

Сотто кыздын укугун коргогон «Укуктук демилге» коомдук уюмунун адвокаты айыпталуучу «Жашы жете элек кызга карата ыпылас аракеттерди жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Касировдун жакындары ал «кыз менен жыныстык катнашка барбаганын», өкүмгө макул эмес экенин сотто билдиришти. Анын адвокаты өкүм боюнча шаардык сотко даттанып, бирок аны жокко чыгара алган эмес.

Былтыр августта Тажикстандын Ички иштер министрлиги Давлатманд Касиров 12 жаштагы кызды алдап, ата-энесине айтпай никеге турганын кабарлаган.

Тажикстан мыйзамдарына ылайык кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыга алышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.