Манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн «Сулайман-Тоодо» манас айтат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн «Сулайман-Тоодо» манас айтат

Айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыков  үч күн бою — 19-20-21-мартта  Ордолуу Оштогу Сулайман-Тообузда манас айтат.

Эске сала кетсек, былтыр, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Дөөлөт Сыдыков манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктап — 14 саат 27 мүнөт тынбай эс албай, тамактанбай, суу ичпей манас айтып рекорд койгон.

Касиеттүү үй-бүлө…

Бул сүрөттө ааламга кыргыз элин таӊданта даӊаза кылган Дөөлөт Сыдыковдой өнөрлүү уулду жарык дүйнөгө алып келген Мейрамгүл Сыдыкова апабыз. 74 жаштагы апа Баатыр эне, 12 бала төрөгөн. 12 бир туугандын тогузунчусу — манасчы уулу Дөөлөт Сыдыков. Дөөлөт 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылында туулган. Ысымын ыраматылык атасы койгон экен. Атасы Качкын Сыдыковдун көзү тирүү (2006-жылы көзү өткөн) болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Айтмакчы, Дөөлөттүн атасы, чоң аталары да манас айтышкан. Чоң апасы болсо, эгиздерди (үч эм, төрт эм) төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келиптир…

Мына, кечээ ааламды жаӊырта манас айтып, аалам таӊкалган рекордду койгон манасчыбыз ушундай касиеттүү үй-бүлөдөн…

Бактылуу үй-бүлө

«Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, Дөөлөт Сыдыковду артында жөлөп-таяп, сүрөп турган жубайы белгилүү режиссер Ырыс Окенова жана балдары — Эрболот, Байнур, Каган, Адеми.

Сулайман-Тоонун тарыхы…

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоо — илгери элибиз өзгөчө аяр мамиле кылып келген тоолордон. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5–2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300–350 м. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс. XVI кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп аталган. 2009-жылдын июнь айында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген эле.

Сулайман-Тоо Өзгөн канынын вазири Султан Мази Сулаймандын (15-к. башы) ысмынан аталган дешет. Вазир Сулайман тоону жайкы резиденциясына айландырган экен учурунда. Жергиликтүү эл жана четтен келгендер тоого чыгып, жөн гана сейилдешкен. Эл көп каттагандыгынан пайдаланып дин кызматкерлери тоону тотемдик даражага жеткирип, ислам динин таратуучу майданга (аренага) айландырышкан,  Сулайман пайгамбардын тактысы табылгандыгы тууралуу сөз таратышкан деген маалыматтар бар.

Анан акыры, Өзгөн вазири — Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып, «ыйык» даңкка ээ болгон. Захриддин Бабур тоого эс алып олтура турган жай (Кужура) курдурган. Азыр чокусуна түтүк менен суу чыгарылып, айланасына бак-дарак тигип жашылдандырылып элдин эс алуучу жайына айланды. Боорунан үңкүр казылган, ал жерге Түштүк Кыргызстандын тарыхы менен тааныштыруучу бир нече залдан турган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылган.

Айтмакчы, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жайларга тийиштүү талаптарга ылайык Сулайман тоо бардык тараптан тең таасын көрүнүп турушу керек, ал жерде баштапкы абалын бузган эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөшү керек. Бирок бир учурда Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуусуна себепчи мыйзамсыз курулуштар Сулайман-Тоонун жака-белинде бар экендиги аныкталып бир топ ызы-чуу болгонбуз. Алардын аягына дале чекит коюла элек болсо керек…

Ага да өзүнчө кайрылабыз… Ага чейин тоо жаңыртып Дөөлөт айткан манасты угуп туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.