ВИДЕО — Эдил БАЙСАЛОВ: «Эч качан Роза Отунбаевадан «экс-президент» макамы алынбашы керек!»

ВИДЕО — Эдил БАЙСАЛОВ: «Эч качан Роза Отунбаевадан «экс-президент» макамы алынбашы керек!»

Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улугбек Мариповго жолукканын «Азаттыкка» билдириптир. Ал аталган радионун «Эки-бир» берүүсүнө экономика, саясат, экс-президенттер тууралуу маек куруп бериптир. Анын айтымында, мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун «экс-президент» макамын алуу тууралуу чакырык туура эмес, өнүккөн, демократиялык мамлекеттерде мындай маселелерге көңүл бурулбайт. «Эч качан Роза Отунбаевадан «экс-президент» макамы алынбашы керек. Жаманбы-жакшыбы биз ушуга келишибиз керек, экс-президенттердин коопсуздугун, кепилдиктерин, бакубат жашоосун камсыз кылып турушубуз кажет. Аларга 80 миң сомдон пенсия, кызматтык автоунаа менен сакчы берип тургандан мамлекеттин эч нерсеси кемибейт. Бул чоң каражат эмес», — дейт элчи Э. Байсалов.

Экс-президенттердин макамын алуу боюнча президент кандай пикирде?

Ушул жылдын башында экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны «экс-президент» макамдарынан ажыратуу боюнча Чыңгыз Капаров жана башка активисттер кол топтой баштаган.

Бул маселе боюнча Садыр Жапаровго бир учурда шайлоочулар жолугушуу маалында суроо беришкен болчу. Ал Жээнбековдун «экс-президент» макамы сакталып калышы керектигин билдирген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.