Илим жолунан ийгилик тапкан Жыргалбек Айдарбеков

Илим жолунан ийгилик тапкан Жыргалбек Айдарбеков

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам — бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет.

Бу жолу ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын Жазык процесс кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты полковник Жыргалбек Айдарбеков тууралуу кеп болмокчу. Канат Мажиевдин жазганына ортоктош болунуз, окурман!

«Ар бир доор өз каарманын жаратат» демекчи, жаштарга илим-билим, тарбия берип, алардын жашоону өзгөртүүсү керектигин каалап, ишендирип да, ишенип да мугалимдик кесипти аркалап, коомдогу агартуучулук ролун бийик тутуп, кызмат кылып келе жаткан каармандарыбыздан куру эмеспиз. Биз төмөндө кеп кылчу каарманыбыз мугалимдик кесипти аркалап, түйшүгү түмөн мугалимдиктин убакерчилигине кайыл болуп, ишин улантып келе жаткан ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын Жазык процесс кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты милициянын полковниги Жыргалбек Айдарбеков тууралуу азыноолак кеп кылмакчыбыз.

Билим жана түйшүк…

Каарманыбыз мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, бала кезинен атасынын кесибин улантууну самайт. Турмуштун өйдө-ылдыйы биз ойлогондой, биз күтпөгөндөй калчагандыктан, 11-класс кездеринде атасынан айрылат. «Атам мени билимдүү адам болушуң керек дечү эле… Атамдын бул сөзү ички сезимимде кайнап, атамдын ишеничин актоо үчүн билим алууга болгон аракетимди жумшадым» деген маектешим орто мектепти жакшы окуп, мектептин алдыңкы окуучуларынын катарында окуп, жалаң беш деген баа менен аяктайт.

Үйдүн улуусу болгондуктан апама каралашуу, менден кийинки инилериме да жардам берүү деген түйшүктөргө эрте аралашып калдым” деп турмуш түйшүгүнө эрте аралашканын да айтып өттү.

Кичине кезинде атасынын агасы милиция тармагында кызмат кылаар эле. Ал форма кийүүнү самап, агасындай болууга да умтулат. Келечектеги кесиби жөнүндө балалык кыялдарга батып, көкүрөктөгү бул кыялдын учкуну чоңойгон сайын алоолонуп, ошол маалда эле милиция болууну самайт да калат.

Ийгиликке алып келген намыс…

Мектепти аяктап борбор шаарга сапар тартат. Айылдан келип, агездеги Бишкек шаардык милициянын мектебине тапшырууну туура көрүп, сынакка катышат. Тилекке каршы, окууга өтпөй калат. «Ал кезде окууга өтүү кыйын эле. Мага окшоп айылдан келген, тааныш-билиши жок балдардын окууга өтүшү кыйын болчу, тааныш салып гана окууга өтүшчү эле”, –дейтЖыргалбек мырза.

Көздөгөн максатына бул жолу жетпей, тагдырына моюн сунуп айылына жөнөйт. Ара чолодо ачык айтылбаса да, айылдаштарынын шылдыңынан намыстанат. Жогорку окуу жайдан билим алсам деген тилеги тынчтык бербей кайрадан даярданат. “Коенду камыш, жигитти намыс өлтүрөт”-дегендей, кийинки жылы да башка окуу жайга барбастан кайрадан Милиция мектебине тапшыруу үчүн сынакка катышат. Бул жолу да ойлогон ою орундалбай, окууга өтүү үчүн болгону бир гана упай жетпей, ит жыгылыш менен кайрадан айылга сапар алууга туура келет. Бирок, бул жолу, айылга барып айылдаштарынан, “Дагы өтпөй калдыңбы?”-деген сөздү угуу мурункудан дагы оор болорун сезип, Бишкек шаарынын Аскердик комиссариатына кайрылып, аскерге жөнөтүүнү өтүнүп жатып мекенге кызмат кылууну туура көрөт. Аскерден мурункудан чыйралып, кызматын өтөп келип, кайрадан өзү самаган Милициянын мектебине келип, бул жолу ийгиликке жетишет. 2003-жылы окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктап, алгач ушул эле окуу жайда Ички аскерлер жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына кызматкерлерди даярдоо факультетинде взводдун командири болуп ишин улантат. Эңсеген билимди алып, бир кездеги өзү суктанган агасынын жолуна түшсө да атасынын тилеги тынчтык бербей, билимин тереңдетүүнү көздөп 2007-жылы Москва шаарындагы ИИМдин башкаруу академиясынын адьюнктурасына тапшырып, билим алууну улантат. 3 жыл окуп, билимге болгон кызыгуусу артып, билек түрүнө илим жолуна түшүүнү туура көрөт. Окуусун аяктап мекенине келген каарманыбыз, 2010-жылдан баштап ИИМдин Академиясынынын Жазык процесстик кафедрасынын окутуучусу болуп эмгек жолун улантат.

Ал жылдар аралыгында каарманыбыз баардык баскычтарды басып илимий эмгектерин да жаратып, диссертациясын жактап илимге билек түрө киришип, “Кылмыш жаза кодексиндеги мүлктүк жазалар” жаатында илимий ишин ийгиликтүү жактайт. Келечекте “Докторлук” диссертацияны жактап, илимий изилдөөнү жүргүзүп, юридика илимине өз чыйырымды салсам деген асыл ойлору бар экенин айтат. “Илим өтө терең, артынан түшкөн сайын улам кызыгың артат”-дейт полковник.

Жаштар учурунда билим алса…

ИИМдин Академиясы өзүнүн билим берүүнүн сапатын арттырууда, курсанттарга жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, компьютерлешкен коомдо заман талабына ылайык иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бардык дарс окуучу залдарда электрондук доскалар илинип сабак учурун туура пайдалануу колго алынганын, окуу куралдары курсанттар үчүн жеткиликтүү экенин айтат. Билим берүүдө артыкчылыктар жана жетишкендиктер мол экенин белгилеп, ийгилик жараткан курсанттар суурулуп чыгып жатат дейт маектешим.

ИИМдин Академиясы өлкөбүздө жападан жалгыз адистешкен окуу жайы болгондуктан, 4 жылдык билим алуу учурунда моралдык жактан да туруктуу кызматкерлер даярдалаарына токтолду. Анткени, башка окуу жайларга салыштырмалу тартип жагы жакшы колго алынгандыктан, келечектеги милиционерлерге курсант кезинен баштап кыйынчылыктарга туруктуу кадрлар даярдаларын айтат.

Жазык процесс кафедрасынын жамааты

Жазык процестик кафедрасында илимий кандидаттыгын жактаган төрт кызматкер эмгектенсе, алардын экөө профессор, андан тышкары окутуучулар тергөө кызматтарында иштеп келген тажрыйбалуу мугалимдерден туруп, баардыгы кесипкөй кызматкерлерден куралган.

Жазык процесстик кафедрасынын жамааты биргеликте юридикалык илимдин өнүгүшүнө жана курсанттарга мыкты билим берүүнү көздөп, көптөгөн окуу китептерин жана илимий-адабий китептер даярдашкан.

Ж.Айдарбеков жетектеген, Жазык процесстик кафедрасы 2020-жылдын жыйынтыгы менен ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын мыкты кафедрасы наамына жетишкендигин айта кетпесек болбос.

Канат МАЖИЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.