Шаардык сот Матраимовдордун доо-арызын четке какты. Эмнеге?

Шаардык сот Матраимовдордун доо-арызын четке какты. Эмнеге?

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын журналисттерге алар тууралуу мурда жазылган маалыматтарды кайра жарыялоого тыюу салуу тууралуу доо арызын четке какты.

Муну менен шаардык сот февралдын башында Свердлов райондук соту кабыл алган аныктаманы колдоду.

Буга чейин юрист Акмат Алагушев билдиргендей, Матраимовдор журналисттерге каршы негизги доо арызында алардын беделине шек келтирүүчү, чындыкка дал келбеген деп эсептеген материалдарды тиркешкен жана эми ошол маалыматтардын сот ишине байланыштуу көчүрмөсү кайра кайсы бир булактарда жарыяланышына тыюу салууну өтүнүшкөн.

«Доогерлердин өкүлдөрү өз доо арызында келтирилген маалыматтардын жарыяланышына мындан ары тыюу салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Сот аны канааттандыруусуз калтырып, четке какты. Доогерлер ал боюнча эми жеке арыз менен шаардык сотко кайрылышты. Негизги иш каралбай турат», — деди Алагушев.

Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Буга чейинки сот отуруму Раимбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова аты-жөнүн алмаштыргандыгы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан 3-февралга которулган эле.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон долларлар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып тургандыгы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.