Ташиев Ташкентте өзбек премьери Арипов менен чек ара маселесин талкуулайт

Ташиев Ташкентте өзбек премьери Арипов менен чек ара маселесин талкуулайт

24-25-мартта Ташкент шаарында кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациясы жана демаркациясы боюнча өкмөт аралык сүйлөшүү өтөт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Кыргызстан тараптан жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандан премьер-министр Абдулла Арипов баштаган расмий делегациялар катышат.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканы 12-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда айтылган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.