ВИДЕО — Сирияда госпиталь аткыланып, алты киши каза болду

ВИДЕО — Сирияда госпиталь аткыланып, алты киши каза болду

Сириянын Алеппо провинциясындагы Эль-Атариб шаарында госпиталь аткыланып, алты жай тургун каза болгонун Эл аралык куткаруу комитети билдирди. Алардын маалыматына караганда, көз жумган алты адамдын арасында бир өспүрүм бала бар. Мындан тышкары 16 адам, анын ичинде беш медик жаракат алган.

Буга чейин жекшембиде, эртең менен Түркиянын Коргоо министрлиги Сириянын өкмөттүк артиллериясы Эль-Атарибдеги госпиталга сокку урганын кабарлаган.

Госпиталга жасалган бул чабуул 2020-жылдын мартында жарыяланган Орусия менен Түркиянын убактылуу тынчтык келишимин бузду.

21-мартта Түркиянын «Анадолу» агенттиги Сириянын түндүк-батышында Орусиянын аба соккусунан бир киши каза болуп, экөө жаракат алганын кабарлады. Маалыматка караганда, соккулар май куюучу жайга, жүк ташуучу унааларга, ошондой эле жергиликтүү гуманитардык уюмдун кампаларынын алдындагы аянттарга жасалган.

20-мартта Эл аралык француз радиосу (RFI) түрк аскерлери Сириянын демократиялык күчтөрү ээлик кылган күрд аймагына сокку урганын жазган. Бул Түркиянын 2019-жылдын октябрь айынан берки алгачкы соккусу болду. Анда Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы «Тынчтык булагы» деген операция баштап, аларды өз чек арасына жакын аймактан сүрүп чыгарган. Түркиянын бул операциясын НАТО өлкөлөрү, анын ичинде АКШ менен Франция айыптап чыккан эле.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын» маалыматы боюнча андан бери 380 миңден ашык киши каза болсо, алардын 115 миңи жай тургундар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.